Кытайдагы полициянын бала көтөргөн аялды уруп жыгылткан видеосу талкууланууда
Интернеттеги социалдык тармактарга полициянын бала көтөргөн аялды кармагандагы видеосу тарап, колдонуучулар аны кыжырлануу менен талкуулап жатат. Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына ылайык, окуя Кытайдын Сунцзян районунда тартылган.
Анда полиция аялды катуу түртүп, урганда ал далысы менен асфальтка жыгылган. Аялдын колунда көтөргөн баласы да бар болгондуктан наристе кыз апасы менен кошо жерге катуу жыгылган. Полицияга жардамдашуу үчүн унаадан дагы бир тартип сакчысы чыгып, аялдын колун таңуу аракеттерин биргеликте көрүшкөн. Окуяны карап ыйлап жаткан кызды жолдо өтүп бара жаткандар сооротушкан.
Полициянын ачууланышына аялдын унаа башкаруудагы эреженин бузулушуна карата салынган айыпка макул эместиги себеп болгон. Аял полициянын чечимине нааразы болуп, аны түрткүлөп жибергенден кийин полиция ушундай кадамдарга барган. Интернет колдонуучулар полиция өзүнүн ыйгарым укугун ашырып жиберген деген пикирлерди калтырууда.
Учурда полициянын бул аракети боюнча Сунцзян полициясы ички текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми аял баласы менен алган жаракаттарын аныктоо үчүн ооруканага жеткирилген.
Шанхайда полиция кызматкерлери балалуу аялга татыксыз мамиле жасашты















1 |