БШК: "Төрт округда жергиликтүү кеӊешти шайлоого шайлоочулардын 54 пайызы катышты"
Жекшемби, 3-сентябрда өлкөдө айрым шаардык жана айылдык кеӊештин депутаттарын шайлоо өттү. Кара-Суу шаардык кеӊешинин, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеӊешинин, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо аяктады.
БШКнын маалымат кызматы бүгүн, 4-сентябрда шайлоого добуш берүүчүлөрдүн кандай катышканы боюнча маалымат таратты. Аталган округдарда 10 688 шайлоочу добуш берген, бул тизмедеги жалпы шайлоочулардын 54,93 пайызын түзөт. Кара-Суу шаарында шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 61 пайызды, Тогуз-Торо айылдык кеӊешинде 64 пайызды, Терек-Сайда 44 пайызды, Кызыл-Өзгөрүштө 45 пайызды түздү деп айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















