super.kg logo
  Саясат  

Президент артка кайтарган жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн парламентте макулдашуу тобу түзүлдү

 

Бүгүн, 4-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинде президент каршы пикир менен кайтарган жерлерди трансформациялоо мыйзамын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлдү.

Макулдашуу тобунун курамына президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин сунушу менен айыл чарба тармагын тейлеген вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, каржы министри Адылбек Касымалиев кирди. Ошондой эле депутаттардан Дастан Жумабеков жана Айтмамат Назаров, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков кошулду. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетиндеги депутаттардын сунушу менен топко Молдакун Абдылдаев киргизилди.

Эске салсак, 10-августта президент Алмазбек Атамбаев сугат жерлерди трансформациялоо мыйзамын каршы пикир менен парламентке кайра иштеп чыгууга жиберген. Анда бул мыйзамдын кесепетинен жер участокторун трансформациялоодо коррупциялык тобокелдиктер пайда боло турганы жазылган. Мыйзамда кызмат адамдарына ыйгарым укуктар берилген, мында алар кабыл алынган мыйзамдын жоболорун өзү каалагандай колдонууга жана талаш чечимдерди кабыл алууга укуктуу болуп калган. Парламент 29-июнда мыйзамды үчүнчү окууда жактырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: