super.kg logo

Аида Салянованын соттук иши: Отурумда экс-министрдин апасы менен телефондогу 45 мүнөттүк сүйлөшүүсү угузулду

 

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын соттук отуруму улантылды.
Бүгүнкү отурумда соттук ишке тиркелген мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева менен анын апасынын телефондогу сүйлөшүүсү угузулду. Экөөнүн телефондогу сүйлөшүүсү дээрлик 45 мүнөткө созулган. Алар жеке күнүмдүк турмуштук абалдарынан тарта куда-сөөк, туугандарына байланышкан маселелерди талкуулашат. Ортодо "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянованы да кепке аралаштырышат. Мамбеталиева Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын узартылышына байланыштуу козголгон кылмыш ишин да айтып, "бири Башкы прокуратурада отурду, экинчиси юстиция министри болуп турган кезде ишке түздөн-түз таасирин тийгизишкен" дегени угулду.
Аудиожазуу угузулуп бүткөндөн кийин "экөөнүн сүйлөшүүсү кадимки эле ушак экен. Муну эмнеге бизге угузуп убакытты алдыңыз?" деди Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова.
Айыпталуучу Салянова да сотко "Мамбеталиева менен анын апасы экөөнүн телефондогу сүйлөшүүсү ишке тиешеси жок. 1 саатка жакын жөн эле бирөөлөрдү ушактаганын өзүңүз да уктуңуз", - деди.
Сот Кубанычбек Касымбеков "телефондук аудиожазууну тиешелүү эксперттерге жөнөтөбүз. Алар өздөрүнүн баасын берет" деп билдирди.
Учурда соттук иш уланууда, сот кылмыш иши боюнча чогулган томдордогу документтерди окуп берүүдө.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.09.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ruslan4458, провокациядан алыс болуңуз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: