super.kg logo

Бишкекте 22 боз үй тигилип, IV эл аралык эпостор фестивалы өтүүдө

 

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата IV дүйнөлүк эпостор фестивалы өтүүдө. Анда маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков сөз сүйлөп, андан соң маданият кызматкерлери аксакалдар менен биргеликте боз үйдүн түндүгүн көтөрүп, иш-чара расмий түрдө ачылды.

Ошондой эле “Камбаркан” элдик ансамбли, белгилүү комузчу, бийчи, төкмө акын жана фольклор жанрындагы аткаруучулар концерттик программаларын тартуулашса, алып баруучулук кызматты Мирлан Самыйкожо менен Айгүл Курманова аркалашты.

Фестивалга 17 мамлекеттен илимпоздор келген. Бул тууралуу уюштуруучу комитеттин төрайымы Дамира Алышбаева билдирди.

“Бул фестивалды 6 жыл мурун баштаганбыз. Ошондо эле кыргыздын маданиятына кызыккандардын саны көп экенин байкасак, бул көрсөткүч жыл сайын өсүүдө. Быйыл Орусия, Монголия, АКШ баштаган 17 мамлекеттен илимпоздор катышууда. Атайын комиссия ар бир аймак тиккен боз үйлөргө баа беришет. Жыйынтык боюнча 22 боз үйдүн ичинен эң мыкты жасалгаланган 3 боз үйгө мамлекет тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, фестиваль 7-сентябрга чейин уланат, ага аймактардан келген кол өнөрчү, уздар катышып, алардын колунан чыккан буюмдар атайын уюшулган жарманкеде сатылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: