super.kg logo

Сотто Садыр Жапаровдун тарапташтары акыркы сөзүн айтып, актап берүүнү өтүнүштү

 

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отуруму орун алды. Соттолуучулар акыркы сөзүн айтып, соттон актап берүүнү өтүнүштү.

"Бизди акыйкат чечим чыгарып, актап берүүңүздү суранабыз. Анткени митингде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Калыс чечим чыгарышыңызды өтүнөбүз", - деди соттолуучулар.

Отурумдун жүрүшүндө Рустам Жапаров акыркы сөзүн айтууга даяр эмес экенин билдирди.

Сот тараптардын сөзүн угуп, Рустам Жапаровдун акыркы сөзгө даярданып келүүсүнө бир күн убакыт берди. Соттук отурум 5-сентябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
04.09.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сот дагы кандай жалаа жапсам екендеп жылдырып койду окшойт биздин соттор сот эмей еле роборт болуп калды бироонун буйругун аткарып.ушул соттор ойлонбойбу дейминда чындык турса чыркырап кетип каралап койот дагы
04.09.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силер акталасынар кудай буюрса.Садырды киргизди эн негизгиси.Силерге эми коп деле кызыгуу болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: