super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча кадеттер арасында Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз балбандары жарым чейрек финалда атаандаштарына жеңилип калышты

 
Баэль Сатыев
Акылбек Куттубек уулу

Бүгүн, 4-сентябрда Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында Дүйнө чемпиондугунда Баэль Сатыев жана Акылбек Куттубек уулу жарым чейрек финалда атаандаштарына жеңилип калышты.

Аталган мелдештин жарым чейрек финалында, 54 килограммга чейинки салмак ченинде Баэль Сатыев орусиялык Герман Доевге туш келген. Анда орусиялык балбан бир нече жолу Сатыевди көтөрүп чапкан. Ошентип Герман Доев 8 упайга ээ болуп мөөнөтүнөн мурда беттешти жыйынтыктаган.

Ал эми Акылбек Куттубек уулу 58 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, жарым чейрек финалда грузиялык Георги Шотадзеге туш келген. Беттештин жыйынтыгында 6:3 эсебинде грузиялык балбан жеңишке жетип чейрек финалга өттү.

Буга чейин Эрмек Каныбек уулу, Алмазбек Бегалиев жана Мустафа Гасанов алгачкы беттештеринде жеңилип калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: