super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Малайзиянын экс-премьер-министринин карапайым элдин арасында коомдук транспорттун кызматынан пайдаланып жүргөнү кызуу талкуу жаратты

 

Малайзиянын экс-премьер-министри, учурдагы оппозициялык блоктун өкүлү Махатхир Мохамад социалдык тармактардагы баракчаларынын бирине метро кызматынан пайдаланып жүргөн сүрөттөрүн жүктөдү. Бул тууралуу Малайзиянын The Star басылмасы бүгүн, 4-сентябрда жазып чыкты.

Анын Фейсбук баракчасындагы сүрөттөрүнөн аялы Сити Хасма Мохамед Али менен бирге метрого өтүүчү жер алдындагы өтмөктө транспорт күтүп жана метронун ичин сүрөткө тартып жатканын көрүүгө болот. "Аялым экөөбүз метро аркылуу жол тарттык" деп жазган ал жүктөгөн сүрөттөрүнө.

Махатхир Мохамаддын жана аялынын эркин, жөнөкөй адамдар катары коомдук транспорттун кызматынан пайдаланышканын интернет колдонуучулар жылуу кабыл алышып, "экөө жолугушууга чыккан сүйүшкөн жаштардай көрүнүшөт", "аялы экөө дайым саламатта болушсун" деген сыяктуу билдирүүлөрдү жазышып, экс-премьер-министрге өлкөнү жана транспортту өнүктүрүүдөгү идеялары, эмгеги үчүн ыраазычылык билдиришкен. Ошондой эле бийлик башында болбосо дагы өлкөнүн өнүгүшүнө өз жолу менен салымын кошуп келе жатканын белгилешкен. Ал эми Махатхир Мохамад оппозициялык блоктун өкүлү болгондуктан, айрымдары ал үчүн тынчсызданып жаткандыгын да жашырышкан эмес. Сүрөттөргө басылган "жактынын" саны 9 сааттын ичинде 70 миңден ашып, 3 миңге жакын адам бөлүшкөн.

92 жаштагы Малайзия мамлекеттик жана саясий ишмер Махатхир Мохамадды эң көп жыл бийлик башында турган саясатчы катары билишет. Ал 1981-жылдан 2003-жылга чейин 22 жыл премьер-министрлик кызматта турса, жалпы 40 жылдай саясатчы катары ишмердүүлүк кылып келген. Министрликтен кеткенден тартып оппозициялык блок түзүп, бирок ишинин ийгилиги арткан эмес. 2015-жылдан тарта Малайзиядагы оппозициялык экинчи чоң партиянын мүчөлүгүндө бийликтин иш-аракеттерин сындап келет.

Ал эми аялы Сити Хасма Мохамед Али 91 жашта. Өлкөнүн медицина жаатына өз салымын кошуп келген ишмер катары таанымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(14)
04.09.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы экен
04.09.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азаматтар биздикилер коомдук транспортто журушсо шыйрактары сынып калат.Биздин чондор эптеп элдин башын айланткан оз курсагын ойлогон ХХХХ элди алдаган ХХХХ бироону жамандаганды кана билишет!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-05 10:06:33
05.09.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek83, ушул сөздөр менен алардан айырмаңар жок болуп калганын сезип жатасыңарбы?
05.09.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azatbek83, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
04.09.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Биздин чоңдор ушинтип жүрүшкөндө, КР качаан эле өнүгүп кетмек
05.09.2017. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
omur81, антип кандай мамлекет онугуп кетет
04.09.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
биздикилер даже зонтигин котортуп алышат кызматкерлерине
05.09.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ээ биздикелер озу отурган машинасынын эшигинда ачышпайт андыктан маршруткада же башка транспортто жургонун элестетпей эле коелу
05.09.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
зонтигин которо албаган чиновник елдин жугун которуп кыйратпайт анан да кыйраткансып ХХХХ какайышат
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-05 09:49:45
05.09.2017. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп адам,озунун орду,байлык,бийлиги мн эмес,озунун жонокойлугу,чынчылдыгы мн бактылуу адам болушат,адам бойдон калышат.Булар кыраакы адамдар.
Биздин жетекчилердин,журогу слабый:бийлик,акча келгенде,адамдык сапаатты унутат.Кобу олгондо гана билишет адам экенин,ага чейин курсагы тоюп,козу кубаныш учун бут элди кыйнайт.Бироосу зонтик котортот,экинчиси наам алат,учунчусу жолун тороп койсон бутундой уй-булоонон оч алам дейт.Текебер,мактанчаак болуп кеткендери эле жаман.
05.09.2017. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бизде метро болгондо.биздикилер деле тушмок.ал жокда.(Эми айттымда)
05.09.2017. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздикилер уялчаак болушат.уялышат
05.09.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилер жапайы, Элди кул сыяктуу коруп, оздорун фараон сезишет.
26.10.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмоттогулор эмес, менин биздин коомдук транспортто жургум келбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: