super.kg logo

Ош ШИИБи: "Ошто башы жок табылган маркум жерге берилди. Анын башын издөө иштери жыйынтык берген жок"

 

27-августта Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды салуучу челектен башы жок табылган маркум А.Жумагүл жерге берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришти.

"Чоң-Алай районунун жашоочусу, келини тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн делген А.Жумагүл 31-август күнү өзү төрөлгөн Кашка-Суу айылына жерге берилди. Тилекке каршы, башы жок. Маркумдун туугандарынын жана милиция кызматкерлеринин издөөлөрү натыйжа берген жок", - деп кабарлайт аталган кызмат.

4 күн бою башы изделип, жерге берилбей турган денени жергиликтүү имамдар башы жок көмө бергиле деген уруксатын берген.

Эскерте кетсек, 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген, белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин кызматкерлери өзгөчө оор кылмыштын бетин эки суткада ачып, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Умсанай (маркумдун келини) жана анын 1980-жылы туулган бир тууган эжеси Гүлнараны кармашкан. Шектүү маркум кайненеси "сен балама татыксызсың, сени ажыраштырам" деп айтканы үчүн ушундай кадамга барганын айтып көрсөтмө берген.

30-августта Ош шаардык соту кайненесин өлтүргөнгө шектелген келин жана анын эжесинин баш коргоо чарасын карап, аларды 30-октябрга чейин тергөө абагында кармоо боюнча чечим чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.09.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жайы жаннаттан болсун. Аллах ушундай олумдон сактасын. Баарыбызга бактылуу карылык, адал олум насип этсин.
05.09.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба тооба
05.09.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба тооба деп жаканы кармай турган заман болуп калды.
05.09.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо тообо кантип башын кесип салганга колу барды экен.Эки дунуйодо тен жазасын алсын ылайым
05.09.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой Кудай келинге да,кайненеге да ыйман ынсап бер!
05.09.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Башы жок олукко сот болобу же башы табылгыча убактылуу жайда жатабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: