super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун иши каралып жаткан сот залында видеокөзөмөл жабылды

 

Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата чыккан райондук соттун чечими боюнча прокуратуранын апелляциялык арызын кароону улантууда. 8 жылга эркинен ажыратылган эки саясатчынын жактоочулары ишти карап жаткан сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Жактоочу Чынара Жакупбекованын билдиришинче, шаардык сот буга чейин аларды үй камагына чыгаруу боюнча арызды карап, бирок аларды камакта калтыруу чечимин чыгарып койгон. Ошондон улам ал соттук жамаат ишти кароону улантпашы керектигин билдирди. Бирок соттук жамаат өтүнүч боюнча кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып жактоочунун өтүнүчүн четке какты.

Ошондой эле Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып жаткан сот залында иштин жүрүшү жазылчу видеобайкоо жабылды. Жактоочу Канат Хасановдун билдиришинче, сот журналисттердин видеокамерага тартуусуна тыюу салынгандан кийин залдагы видеобайкоонун жазуусуна да тыюу салуу керек деген сунушун киргизди. "Биринчи Май районунун соту Айбек Эрнис уулунун чечими менен биринчи инстанцияда отурум камерага тартылган эмес. Бирок социалдык баракчаларга биздин сүйлөгөндөрүбүз түшүрүлгөн видеолор тарап жатат. Ошондуктан видеобайкоону залдан алып салгыла", - деп өтүнүч келтирди.

Сот тараптардын өтүнүчү менен видеобайкоону жаптырды.






Текебаевдин сотунда залдагы видеокамера жабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: