super.kg logo
  Саясат  

Депутат экономика министринин орун басарын башка өлкөнү күнөөлөбөөгө чакырды

 

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Максат Сабиров экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковду башка мамлекетти күнөөлөөдөн алыс болууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Алмаз Сазбаков билдиргендей, чек арадагы өткөрмө пункттарды жабдуу иши ушул жылдын август айында бүтүшү керек болчу. Ал депутаттарга ишти бүтүрүү протоколуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Сазбаков 2019-жылдын август айына чейин мөөнөттү узартып берүүнү сунуштады. Анын айтымында, Орусия тийиштүү макулдашууну аткарууну созуп келген.

Депутат Максат Сабиров Экономика министрлиги өздөрү аткара албаган ишти Орусияга шылтаганы туура эмес экенин белгиледи. “Эл аралык комитеттин жыйынында башка мамлекетти күнөөлөгөн туура эмес. Бул сөз үчүн экономика министринин орун басарын жазалоо керек. Орусия мамлекети укса эмне болот? Өзүңөр иш кыла албай Орусияны күнөөлөгөн уят”, - деди ал.

Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов Кыргыз мамлекетинин чек арасы ЕАЭБдин талаптарына дал келбей турганын айтты. “Өткөрмө пункттарында жер тилкелери тартыш. Жер маселесин чечүү үчүн жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшүүлөр болду. Кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүү иштери 2 жылга созулуп, эки тараптан тең ишти бүтүрүү үчүн убакытты создуктуруулар болду”, - деди Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: