Өмүрбек Текебаев тергөө ишиндеги протокол менен азыркыга чейин таанышып чыга электигин айтты

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев Дүйшөнкул Чотонов экөөнүн соттук иши боюнча Биринчи Май райондук соттун тергөө боюнча протоколу менен азыркы күнгө чейин таанышып чыга электигин айтты. Мындан улам соттон протокол менен таанышууга убакыт берүүнү суранды. Сот тараптардын макулдугу менен ишти бүгүн саат 14:00дө улантуу чечимин кабыл алды.
Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aza84

05.09.2017. 20:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы сотун аты ктм
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.