Сапар Исаков ЖОЖду Германиядан бүтүргөн Эсенкул Момункуловду өзүнө кеӊешчи кылды

Эсенкул Момункулов Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеӊешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун 5-сентябрда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эсенкул Момункулов 1978-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 2008-жылы Гейдельберг университетин бүтүргөн. 2012-жылы АКШдагы Миннесота университетинде илимий кызматкер болуп эмгектенген. Буга чейин өкмөттүк аппаратта эксперт (2011-жылы), президенттик аппаратта инспектор (2013-жылы), өкмөттүк аппараттын жетекчисинин кеӊешчиси болуп (2015-жылы) иштеген. Акыркы убакта түрдүү инвестициялык долбоорлордо иштегени белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
3

