Бишкекте жаш баланын көзүнчө атып өлтүрүлгөн 60 жаштагы аялдын иши боюнча соттук отурум өтпөй калды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча соттук отурум өтпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына маркумдун уулу Нурлан Султанов билдирди.
"Кылмыш иши боюнча соттук отурум экинчи жолу өтпөй калды. Соттолуучунун жактоочусу башка отурумга кетип калды дешти. Убара тартып сотко барсаң башка күнгө жылды дейт. Эмнегедир убакытты созуп жатышат", - деп билдирди маркумдун уулу Султанов.
Жактоочунун келбей калганына байланыштуу отурум 8-сентябрга жылдырылды.
Эске салсак, 22-февраль күнү Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз адамдар өз үйүндө өлтүрүп кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
yrchy_jigit

05.09.2017. 12:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай баш-аламандык качан токтойт? Карапайым калкка ушундай мамиле качан токтойт?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.