super.kg logo

Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан бир кезде баңгиликке берилип кеткендигин билдирди

 

Казак элинин президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Айсултан Назарбаев чоң атасы Мухтар Алиев жана атасы Рахат Алиев каза болгон учурда баңгиликке берилип кеткендиги тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мен социалдык тармакты чындыкты айтуу үчүн гана колдоном. 2015-жылы белгилүү академик, менин чоң атам - Мухтар Алиев, ага удаа өз атам Рахат Алиев кайтыш болуп, жашоо мага 2 жолу катары менен өтө чоң сокку урган. Ал кезде үй-бүлөм мага колдоо көрсөткөнгө болгон аракетин жумшап, ал гана эмес күндүз 17 миллион элди башкарган таятам Нурсултан Назарбаев кечинде бүт убактысын жалгыз мага арначу. Бирок мен ал көңүл бурууну түшүнбөй жашоомдогу чоң катачылыкты кетирип, өзүмдү алаксытуу үчүн баңгиликке берилип кеткем. Дагы жакшы өз убагында таятама болгон чындыкты айтып, бул жаман адатымдан арыла алдым. Баңгизат - адамды убактылуу эле алаксытышы мүмкүн, бирок эч качан көйгөйүңдү унуттурбайт. Мен муну эмнеге жаздым? Соңку учурда баңгиликке кабылгандардын саны өсүп барат. Балким, ошол инсандарга менин билдирүүм кандайдыр бир себеп болуп, начар адаттарынан арылар деген үмүтүм бар. Менин оору менен күрөшүп, жеңишке жетишиме - Кудай себеп болду. Сиздерге да жардам берет", - деп жазган ал.

Ошондой эле жакында баңгилик менен күрөшүүгө ылайыкталган кайрымдуулук фондун түзүүнү пландап жатканын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
05.09.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен дагы атам мн инимди жоготуп эмне айла кыларымды билбейм жатам.ото оор несе жоготуу деген.бирок сабыр кылыш керек!
05.09.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
gulzat85,Сабр кылыныз,Аллахым билип билбей кылган куноолорун кечирип,бейиштен орун берсин.
05.09.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulzat85,Албетте сабыр кылуу керек, биз баарыбыз билебиз бул жашоо убактылуу экенин.
05.09.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Канадайча жээни Назарбаев болот! Же эптеп эле Назарбаев Фамиля менен атактуу болуунун айласыбы?
05.09.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге оз атасынын фамилиясын албаган чон атасын,атасын сыйласа Назарбаев болбойт болчу
05.09.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adimyrza,жээеи эмес небереси, балким кызы ажырашып кеткенден кийин апасынын фамилясына өткөндүр...
05.09.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу небересин президенттикке даярдап жатат деп айтышат,бул бала 21ге чыгып чыкпай Астана шаарынын вице-мэри болдубу же депутатпы иши кылса эл козуно жакшы эле алып чыгып "тааныштырып" жатат таятасы..
Назарбаевтин баласы эрезеге жеткенге чейин кийинки президент Айсултандын апасы Дарига Назарбаева же ушу бала болот деген кептер айтылып журот...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: