super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитетинде педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды

 

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова билдиргендей, бүгүнкү күндө иштеп жаткан мыйзам боюнча педофилдер 3 жылга чейин балдарга билим берүү тармагында (мугалим, машыктыруучу жана тарбиячы) иштегенге тыюу салынган. “Демилгечилер мыйзам долбоордо балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн жаран өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажыратууну сунуштаган. Комитеттин корутундусунда 5 жылга чейин тыюу салынсын деп жазылыптыр. 3 жыл менен 5 жылдын кандай айырмасы бар? 3-окууда өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Ошондуктан педофилдерди мөөнөтсүз билим берүү тармагына иштөө укугунан ажыратуу боюнча жобону калтырууну сунуштайм”, - деди Салянова.

Ошол эле учурда президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү "мөөнөтсүз" деген түшүнүктү киргизгенде, соттолгондугу жоюлган мезгилде маселе жаралышы мүмкүн экенин айтты.

Салянова мыйзам долбоор бардык укук коргоо органдарына жиберилгенин белгилеп, бул боюнча маселе жаралбаганын билдирди.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Камчыбек Жолдошбаев адам түрмөгө отуруп чыкса деле өзгөрбөй турганын айтып, аталган укуктан өмүр бою ажыратылышы керек экенин билдирди. Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорго 3-окууда өзгөртүү киргизүү болбой турганын белгилешти. Мыйзам долбоорду жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: