super.kg logo

Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов: "Прокурорлордун бири менин тууганым, мен ага ишенбейм"

 

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 5-сентябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов залда отурган мамлекеттик 3 айыптоочунун бири күйөө баласы экендигин айтып, ага ишенбөөчүлүк көрсөттү.

"Прокурор Таалай Айбашов менин кайненемдин агасынын күйөө баласы болот. Башкача айтканда, мага тууган болуп жатат. Ошондуктан ишенбөөчүлүк көрсөтөм", - деп өтүнүч келтирди. Бирок сот прокурорлордун каршылыгы менен өтүнүчтү четке какты.

Андан кийин Канат Хасанов жактоочулардын бири Чынара Жакупбекова баласын эмизүүгө кетип келбей жаткандыктан аны күтүп туруу өтүнүчүн келтирди. Хасанов зот залынан эле Жакупбековага байланышка чыкканда, ал баласы ооруп жугуштуу оорулар ооруканасында жүргөнүн айтты. Сот мындан улам отурумду бир саатка артка жылдырууну чечти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: