super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Биринчи классымда атамдын чөнтөгүнөн 9 рубль уурдап, катуу таяк жегем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ким, эмне уурдап көргөн?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бул жорук уурулукка жатабы же жатпайбы билбейм, эмнеси болсо да айта кетейин. Кичинекей кезимде атамдын инисинин үйүнө барып калдык. Инисинин мен курактуу балдары бар, алардын оюнчук дүрбүсү бар болчу. Дүрбүсү ушунчалык мага жагып калганбы, айтор үйгө кетерде футболкамдын ичине катып алып "алып кетем" деп чыр салганым эсимде. Атамдын инисинин балдары менин ыйлап жатканымды көрүп боору оорудубу, такыр эле талашпай макул болуп калышкан эле. Ошентип оригиналдуу дүрбүлүү болуп калгам".

"Биринчи классымда атамдын чөнтөгүнөн 9 рубль уурдап кеткем. Мектептин жанында дүкөн бар эле. Балдар менен барып түрдүү нерселерди алып чардаганбыз. Анан бир рубль артып калып чөптүн арасына ыргытып жибергем, үйгө кайра алып келгенден корктум да. Эртеси билинип калып жакшы эле таяк жегем. Чырпык менен денеме "жей" берип билектерим көгөрүп кеткен. Колуңду кесебиз дешсе ишенип, бакырып ыйлаганымчы, хе-хе. Көрсө, дүкөнчү аяш атам экен да..."

"Кичинекей кезимде соода кылчумун. Анан ушунчалык таттууну жакшы көргөндүктөн сагыз, шоколаддарды жей берчүмүн. Аным бат эле билинип калчу, анткени менин таттуудан аллергиям бар болчу. Эртеси күнү эле дароо бетим кызарып калчу".

"Кичинекей кезимде апам бирөөнүн кудасына деп бир коробка печенье алып келип катып коёт. Аны байкеме айтам, бул жакка катып койду деп. Анан экөөбүз астынан ачып, ошол жактан алып жеп, толтура кылып мектепке салып барып жечүбүз. Апам ал коробканын үстүн карап коюп эле жыргап жүрө берчү экен. Бир күнү ал кудага бара жатканда печеньени берейин деп өзүнүн "оозу ачылып" калган, көтөрө коёюн десе, алдынан шыгырап бир аз эле печенье түшүп калган. Бирок урушкан эмес, балабыз да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.09.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ туугандар улуу создо уят жок дейт мен башымдан отконду айтып берейин башкларга сабак болсун 1992 жылы болчу анда рубль сомго откон кез болчу 3 класс элем дос балам уйунон акча уурдап чыгып бизге ар нерсе алып берди анан эртеси бир классташым алып чыкты ошентип мен уйдон 100сом уурдап алыпмын корсо аябай чон акча экен ошондо анан тугото албай уч кун тойлодук анан атам билип калат ана концерт ошондо башталдыго уруп сабап мент достору бар экен коркутуп койолу деп обезянкага алып кирген
05.09.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коркконумдан ХХХХ койо жаздагам ошондон бери эч нерсе уурдап корбодум эстесем журогум тушот
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-06 10:14:50
06.09.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинемде конфетке өч элем.Апам бекиткен конфетти алайын десем жанындагы идиштер бири бирине тийип көчүп түштү шаррррак этип артыман киришип уурулук иштин үстүнөн чыгышкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: