super.kg logo

Нарында балдарынын коопсуздугунан кооптонгон элдин талабы менен унаа ылдамдыгын азайтуучу дөңсөөлөр коюлду

 

Нарын районундагы Миң-Булак жана Өрнөк айылдары аркылуу өткөн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна элдин талабынын негизинде унаанын ылдамдыгын төмөндөтүүчү дөңсөөлөр коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Нарын облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Оторов SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, Өрнөк айылынын калкы аз болгондуктан айылда мектеп жок. Буга байланыштуу балдар коңшу айылдардагы мектептерге барып окушат.

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу оңдолгондон бери ата-энелер унаалардын ылдамдыгынан чочулап, балдарынын коопсуздугунан тынчсызданып жатышкан. Ошонун негизинде 2-сентябрь күнү 2 айылдын эли унаа жолго ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү коюу талабы менен жол тосушкан. Абалды угарыбыз менен Нарын ОИИБинин башчысы Нулан Сарчаев жол тосулган жерге барып элдин талабын укту. Райондук транспорт жана коммуникация бөлүмү менен калктын талабын аткаруу боюнча макулдашылгандан кийин жол тоскондор тарап кетишти", - дейт Оторов.

Ал белгилегендей, айылдыктар жол тоскондон 2 күндөн кийин кечээ, 4-сентябрда жолго дөңсөөлөр коюлган.

Оторов республикалык "Абайлагыла, балдар" аталышындагы бир айлык иш-чаранын негизинде Нарын облусундагы аймактарда балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иш-аракеттери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
05.09.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирзоевге Чоон рахмат Ошко мектеп курбай эле койсун ансыз деле өзбек мектеп жетиштүү, кечирим сураймын темага байланыштуу жазбай жатканыма, ал жакта талкуу жабык экен.
06.09.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asil-08,Нарынга курса сонун болмок.Ошко курбай эле койсун.Ал азыр жакшы иштеп жатат Каримов кууп чыккан артистерин кайтарып чет олколор менен тыгыз байланышып элине ишенишке кирип.Азыр кайырмак салып жатат бир нерсени болжолдоп.Эртен коросун командасын топтоп алып Каримовдон да катуу болуп элин чыркыратып чыгат.Ошондо баягы эле Кыргыз байкушум билбей калат кантип тили ширин журогу таштарга алданып калганын.Уят силер Андижанга кыргыз мектеп кургула ответ кылып.Болбойт Оштогу мектебин жапкыла!!!
06.09.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда коп улутттар жашашат депутат чон иштегилер жонокой адамдар баары орус тилинде суйлошушот.Россияда торолгон жашаган Украин Белорусь даже Молдаван словянский внешностьтор баары оруспуз деп айтышат.Себеби сыйлайт оз мекени катары корушот орус мектепте окушат.Биздин эмелер оз тилинде суйлошот мектеп универлерин курдурсанар киргизлар силар кимсизлар илтимос факат узбегча гапирин деп чыгышат.Кыргызча суйлошсун аша чаппасын.Кыргызды сыйлап ушул жерде жашаганына ыраазы болсун!!
06.09.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнесине мактанасынар бугун мектеп эртен садик универ бурсугуну чон кызмат бер дешет ошогобу!Кыйратып койгонсуп курса озунун озбек элине мектеп куруп жатышат кыргызга эмес!Кыйын экен кыргыз мектеп курсун мектептин атында озбекче койушуп ичине Монгол Чынгыз хандын тукумдары Амир Темурларды бизнин боотырлар деп жазып сурот илишип Мирзийоевдин портретин илип койушат.Аны коргон туугандары бизнин дадамиз Мирзийоев деп журушот.Мектеп курбай эле койушсун!
Azatbek83 түзөттү 2017-09-06 01:01:50
06.09.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өрнөктүн жашоочулары кичине бала эмес чоң эле кишилер өзүңөр өлгүңөр келип тим эле машина келе жатса жанталашып чуркап өтөсүңөр.ал жолду чоң трасса деп коёт.Жанталашпай күтө турсаңар бирдеме болосуңарбы?Бала чакаңар жолдо эле ойноп жүрүшөт.Сактансаңар сактайт Аллахым.Мас болуп алып жолдо жүргөнүңөр канча.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: