super.kg logo

Сотто Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров акыркы сөзүн айтты

 

Бүгүн, 5-сентябрда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отурумунда Рустам Жапаров акыркы сөзүн айтты.

Ал өз сөзүндө: "Мен бул митингде эч кандай мыйзам бузуучулукка барган эмесмин. Ошондуктан мени актап берүүңүздү суранам. Буга чейин жактоочулар тарабынан айтылган сөздөрдү колдойм", - деп билдирди.

Сот соттолуучулардын сөзүн угуп, чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө чыгып кетти.

Эскерте кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
05.09.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бийлик алы жеткендин баарын камап ататго, шайлоодон кийин эмне болоор экен?!
05.09.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчтыкты тилейли!!! Эмне болоор экен деп озубузду озубуз табалабай!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: