super.kg logo

"Дом-2" реалити-шоу берүүсүнүн алып баруучусу Ольга Бузова Орусиянын Биринчи каналына которулбайт

 

Соңку кездерде ТНТ телеканалындагы “Дом-2” реалити-шоусунун алып баруучусу Ольга Бузованын Орусиянын Биринчи телеканалына которулары тууралуу кептер тараган. Буга Биринчи каналдан көрсөтүлө турган “Бабий бунт” аталышындагы берүүнү тартуу учурунда Бузова алып баруучу катары жүргөн видеонун интернетке тараганы себеп болгон.

Бирок Биринчи каналдын өкүлү бул маалыматты жокко чыгарып, аталган берүү чынында эле жай айларында тартылганын, бирок эфирге чыкпай турганын билдирген.

Белгилүү болгондой, берүү үй-бүлөсү бузулган айымдар тууралуу болмок жана аны Бузовадан сырткары орустардын белгилүү алып баруучусу Юлия Барановская жана актриса Татьяна Васильеванын алып баруусу пландалган. Себеби үчөө тең мындай кырдаалды башынан өткөрүшкөн.

Учурда берүү Биринчи каналга чыкпай калганы менен, башка телеканалдардан башка алып баруучулар жана башка аталыш менен чыгышы мүмкүн экендиги айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.09.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kechirmeni, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: