super.kg logo

“Мага намыс керек, кыздык белгимди тигип бериңиз” же Кыргыз өлкөсүндө пластикалык операциянын кайсы түрү көп жасалат?

 

Корейлердин беттери эмнеге фарфордой тунук, бакыраң көз болушат?

Түштүк Кореянын эс тартып калган балдар-кыздары туулган күнүнө ата-энесинен эмне белек сурашат? Гаджет, жумшак оюнчук же үй жаныбары деп турасызбы? Европанын балдарынан айырмаланып алар мындай нерселерди кызыксыз көрүп калышкан. Ата-эне алардын бой тартып чоңоюп калганы үчүн пластикалык операция жасатууну белек кылышат.

Түштүк Кореянын жашоочулары сулуулукка өзгөчө көз караш менен карап, өздөрүн сыйда жүздүн стандарттарына дал келтирүүгө аракет жасашат. Фарфордой тунук бет териси, кырдач мурун, сурмасы кабатталган бакыракай көз, V формасындагы экинчи ээги алынган жаак, айтор мунун баары бир нече курмандыктардын жыйынтыгы десек болот. Статистикага таяп алганда, Түштүк Кореяда ар бир 5-корей аял же кыз скальпель алдында багынып бергендер. Бул жакта жагдай ушул, ал эми биздин өлкөдө пластикалык хирургия кандай өнүгүп жатат?

“Сүйлөшкөн кызымдын кыздык белгисин калыбына келтирип бериңиз”

Пластикалык хирургия азыркы учурда өтө деле кол жетпес бийиктик болбой калды. Мисалы, мен көзүмдүн үстүндөгү бош терини тарттырып, көздүн алдындагы шишик тарткан ашыкча майды алдырып салууну кааладым. Ушул көйгөйлөр менен борбор калаадагы пластикалык хирургия кызматтарынын бири Айнура Сагынбаеванын клиникасына баш бактым. Өз ишин билген адистер мен узаткан кошумча суроолордун баарына жооп берип, жаңы маалыматтар, практикасындагы кызыктар менен бөлүштү.

Көздүн сурмасын чыгаруу операциясынан кийинки жыйынтык.Сурма чыгаруу (блефаропластика) жана көздүн айланасына хирургиялык операция жасоо аталган клиникада 8500 сомдон баштап, 20 000 сомго чейин. “Кире бериште турган кыздарды байкадыңыз да? Көпчүлүгү көздүн сурмасын чыгарууга кеңеш алганы келгендер. Бизде сурма жасоо боюнча күнүнө 6-8ден адамга операция жасалат”, - дейт адис.

Кардарлардын арасында эркектер да жок эмес. Мурду, кулагы сынган же кайсы бир кырсыктан бетинде калган чоң шрамды жоготуп, жымсалдап бергиле деп келгендер бар. “Кыргызда канга сиңген менталитет кыздарды гименопластика (кыздык белгини калыбына келтирүү) жасатууга көп түрткү берет. Кыз-жигит жаштык кылды, ойноп коюшту. Ким эле болбосун ата-энесинин, кайын журтунун алдында “таза” чыккысы келет. Ал тургай сүйлөшкөн кызымдын кыздык белгисин калыбына келтирип бериңиздер деп болочоктогу келинчегин жетелеп келген жигиттер да бар”, - деп таң калтырды адис.

Кулактын формасын оңдоо же кичирейтүүгө жасалган операциянын жыйынтыгы.Мындан тышкары кардарлардан колдун булчуң этин ичкертүү, кулактын формасын өзгөртүү, бет терисин тарттыруу, ооздун формасын өзгөртүү, жаакка уяча (ямочка) түшүрүү, ичтеги ашыкча майларды алдыруу, колтуктун тердешине алып келген тери бездерин алдыруу, аялдардын жыныс кынын кичирейтүү сыяктуу операцияларга суроо-талаптар көп экенин билдик. Ушунун баары биздин өлкөдө жасалабы? Клиникадан чыгып баратып өзүмө-өзүм берген бул суроого кардарлардын үзүлбөй кирип жатканы жооп болду.

Байланыш үчүн телефон: +(996) 773 71 69 71

Веб-сайт: http://sagynbaeva.com/


кошулду





"Аялдар өзүңөргө кам көргүлө"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(38)
06.09.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озумо кам кором, бирок мындай ыкмалар менен эмес!
06.09.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
кыздык белгини тиктирдинер дейли, абийир- ыйман кайда калды?!
06.09.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
типа реклама,билбегендер билип алсын сыяктуу...
07.09.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
wwwbaxa, бизге келсин деп жарнама кылып жатат де....
06.09.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Соонун кылып озгортуп салыптыр го,кийин зыяны болбойбу бул операциянын.
06.09.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Укмуш эми,акчан болсо эле болду экен да.
Сырткы келбет деп чуркап журуп,ички дуйно кайда калаар экен.
Кырсыктагандар операция жасатышканы туура эле,бирок соолор билбейм.
Анын устуно "омур бою келесоолугунду котордум,кашындын,сурмандын же оозундун айынан"деген адам табылбайт гоо.
Ошого операция жасаткыча 5китеп окуса пайдалуу.
Тарыхта калган аялзаттардын кобу сулуу деле болгон эмес,бирок билимдуу болушкан.Мисалы:Клеопатра,Хюррем.Коп илимдерге кызыгып,тил уй
06.09.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Hadyja, Клеопатра м.н Хюррем дейсиз алардын куулугун алганда анча деле акылдуу, элге куйумдуу болушкан эмес. Мисал катары озубуздун эле апаларыбыз Курманжан Датканы, Каникейди, Уркуя Салиева сыяктуу аялдарды алсак болот.
06.09.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
chika010596,туура,ак соз
06.09.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Аял киши озуно кам коруусу, озун сыйлаганы деп коп айтылып келет. Майда дефект болсо аны ондоп койсо, анын эмне жаман жагы бар. Аял киши тескерисинче озун сонун сезип,озуно ишенип, жагып толук кандуу сулуу айым катары эсептей алат. Болгону туура тандаш керек.Мен деле шартым болсо, кичине жерлеримди ондоп коймокмун. Сагынбаеванын клиникасын укканмын, жанынан коп отом. Аялзатына мындай мумкунчулук бергенине ырахмат!
06.09.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пластикалык операция наркотик сыяктуу деп айтышат экен врачтар.Бир келген киши дагы деле келе берет деп,ошого бир аз алысыраак жургон туура эле
06.09.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
amirrus, Syn4y, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-06 17:14:04
06.09.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
азыркы жашоодо келбетине карап мамиле жасашат . Баарыбыз эле билебиз азияттарда коздору кичирек болот , бироого жарашат, бироого жарашпай жылдызы жоктой корунот . Мумкунчулук болсо сурма чыгарып козун жакшынакай кылып алса жаманбы? Жигиттер айткылача , кыздардын келбетине конул бурмайсынарбы ?
06.09.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура Сагынбаева ырчы Айыманын апасыбы? Же дал келуубу?
07.09.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bemka.703,андай окшоштор коп экен, Менин деле мугалимим Айнура СагынбаЕва менда ошолбу деп тан калгам
06.09.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рекламабы бул
06.09.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Begmat1992,ооба да.
06.09.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Э меники колтук тердей берет да. Жыты деле жок, бирок сууланышып футболканын сыртына да чыгып калат. Ошону да безин алдырып тердетпей салса болот бекен?
06.09.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
realliver,ооба. Алдырып сал))
07.09.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
dina, колтукту полный алдырып салайынбы?))
06.09.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сулуулугуңар башыңардан калсын! Картайганда азабын тартасыңар. Кудай берген ден соолугуна шүгүр кылган адамдан өткөн сулуу барбы?! Жасалма сулуулук бул алдамчылыктын бир түрү! Кудай сактасын!!!
06.09.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш эркектер деле алданышат
06.09.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах берген нерсеге нааразы болуп, башка жасаткан ото чон куноо!!!
06.09.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай берген келбетиме нааразы эмесмин , мин мертебе шугур .
07.09.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен башыма пластик операция кылсам олуп калбаймбы коркуп жатам
07.09.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен козум астындагы мешокту жок кылсам эле болду эле, кээде аябай шишип кетет
07.09.2017. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин кудай берген келбетим озумо айябай жагат пластикага жол болсун.
07.09.2017. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ееее озунор билгиле отугунорду торго илгиле.
07.09.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бырыштарды кантип кетирсе болот. Ошол жонундо да жазгылачы сураныч.
07.09.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ramik_87, саламатсызбы! Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз. https://www.super.kg/article/show/24077?searchtext=бырыштан
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-07 12:31:06
07.09.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ехееее жашоо жашоо деп заманды карачы! Аттин,жыртылганы андан тез тиктиргени андан тез, аттин дунуйо
07.09.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул бизнес,мисалы ХХХХ коркпой келе бергиле тигип беребиз дегендей
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-07 12:25:17
07.09.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөгө батып жатышат. Жараткан берген келбетке өзгөртүү киргизгендер күнөө жасашып жатышат. Келечекте барибир зыяны тийип өкүнүшөт. Кудай сактасын
07.09.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ххммм дааа
07.09.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман эмне болуп бара жатат кечо досум болницага тиш даарылатканы барсам бир кыз чыкты алдыман дейт сизда аборт кылдыраспы дейт уялбай , мен азыр алдырып чыктым дейт москвада шунтип журобу кыргыз кыздары уяткоо,анан айылга кыздыкты тиктирип суттон ак болуп барышатта....
07.09.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaninaiman,оа да
07.09.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза натуралный кыздардын кыздыгын корбой калабызбы самаделкабы еми
08.09.2017. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uyat ele
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: