super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: "Центерра Голд Инк" компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо тармагы үчүн 50 миллион доллар которууга даяр"

 

Парламенттин тийиштүү комитетинде өкмөт мүчөлөрү “Кумтөр” кенинин айланасындагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар толугу менен Кыргыз Республикасы жана Швециянын Стокгольм шаарындагы эл аралык арбитраж бири-бири менен экологиялык соттук териштирүүлөрдү чечип бир пикирге келүүгө ниеттенүүдө.

Келишимдердин жыйынтыгы боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясы жаңыдан түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү фондуна, айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иш-чараларды өткөрүү үчүн 50 миллион доллар которууга даяр. Аталган каражат Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү курууга жана модернизациялоого сарпталат.

Мындан сырткары 2009-жылдагы көрсөтүлгөн келишимге ылайык жыл сайын төлөнүүчү каражат 310 миң доллардан 3 миллион долларга жетти. "Кумтөр Голд Компани" буга чейин өкмөт көз карандысыз эл аралык консультант катары тарткан “AMEC” компаниясы койгон бардык көрсөтмөлөрдү аткара турганын билдирди. Канадалык инвесторлор республикалык Онкологиялык борборду жаңылоо үчүн 10 миллион доллар бөлүүгө даяр.

Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети сүйлөшүүлөрдөгү жетишкендиктерди колдоп, маалыматты Жогорку Кеңештин палатасынын кароосуна макулдашууга жиберди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: