super.kg logo

Өзбек ханайымынын келбетине кыргыз интернет колдонуучулары суктанып бүтпөй жатышат (фото)

 
Кыргыз ханайымы Раиса Атамбаева менен ардактуу кароолдо түшкөн Зироатхон Хошимованын сүрөтү учурда кызуу талкууда. Сүрөт Роман Гайнановго таандык.
Өзбекстандын президенти жубайы менен учактан чыгып келе жаткан учур.
Аларды президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен тосуп алды.
Өзбекстандын президентинин үй-бүлөсүнүн коомчулукка тараган биринчи сүрөтү.
Өзбекстандын президенти үй-бүлөсү менен.
Зироатхон Хошимова турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн фамилиясына өткөн эмес. Муну менен ал атасын сүйүнткүсү келгени айтылат. Анын атасы өлкөдөгү бай жана таасирдүү адам экени айтылып жүрөт.
Кытайдагы эл аралык Шоуду аэропорту. Шавкат Мирзийоевдин Кытайга болгон иш сапарынан көрүнүш.
Зироатхон Хошимова учактан түшүп келе жатканда шамал болуп, чачы анын жүзүп жаап калып жаткан.
Бул Зироатхон Хошимованын биринчи айым катары дебюттук сапары болду.
Чет элдик басылмалар Зироатхон Хошимованын сулуулугуна өзгөчө басым жасап жазып келишет.
Зироатхон Хошимованын келбети, кийинүү стили коомчулуктун көңүл чордонунда болуп келүүдө.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жана Кытайдын президенти Си Цзиньпин жубайлары менен.
Шавкат Мирзийоев президент болгонго чейин жубайы Зироатхон Хошимова эл алдына чыккан эмес. Анын интернеттеги социалдык тармактарда да баракчалары жок.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жана Кытайдын президенти Си Цзиньпин жубайлары менен.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 5-сентябрда президент катары Кыргыз Республикасына биринчи мамлекеттик иш сапары менен келди. Өзбек башчысын жубайы Зироатхон Хошимова коштоп келди.

Кыргыз интернет колдонуучулары ханайымдын сулуулугуна, келбетине суктанып, биринчи айым учактан түшөрү менен талкуу чордонунда болду. Мирзийоевдин жубайы эл көзүнө көп чыга бербейт. Анын сүрөттөрүн интернеттен табууга дээрлик мүмкүн эмес.

Зироатхон Хошимованын биринчи айым катары дебюттук сапары 2017-жылы май айында Кытайга болгон. Учактан түшүп келе жатканда катуу шамал Өзбек ханайымынын жүзүн жаап калганына карабай видеокамералар анын сулуулугун тартып алганга жетишкенин Кытай басылмалары жазышкан. Чачын түздөп күлүп турган Зироатхон Хошимовага көпчүлүк суктанганын жашырган эмес.

Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон (Ойхон) Хошимова Кокон шаарында туулган. Ташкенттеги инженерлер ирригациясы жана айыл чарба механизациясы институтунда окуп жүргөндө болочок жолдошу менен таанышкан. Ал мезгилде Шавкат Мирзийоев институтта иштеп жаткан. Жубайлардын Саида жана Шахноза аттуу кыздары, Алишер (айрым маалыматтар боюнча Даврон) аттуу уулу бар.






Шавкат Мирзийоевдин жубайынын биринчи айым катары дебюту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(22)
06.09.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
чынында эле сулуу жана сымбаттуу экен, биздин Раиса деле кем калбайт экен
06.09.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Озун караган эрин да карайт. Узун кийингени жакты, тын аял экени корунуп турат.
06.09.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Чын эле красавица экен. Озбектер озу сулуу келетда.
06.09.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+85
Апама жетпейт экен
06.09.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
malikkkg,эн туура
momun74 түзөттү 2017-09-06 12:56:54
06.09.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ой супер ооой,жаман боорду эзесинер!)))
Уй булобуз менен от души каткырып алдык го чиркин.Ай шамал шамал бузба чачымды.Таппасан сыйпалап кал.ха-хаа)))
06.09.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
barakcha, тушунгон жокмун боорду эзе турган эмне бар экен
06.09.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эрди эр кылган аял , кара жер кылган да аял . Вазир жакшы хан жакшы , аял жакшы эр жакшы. Алган жары жарашса кара жака ак болот
06.09.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Каягы сулуу
06.09.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин Раисага жетбейт экен))
Ferdews түзөттү 2017-09-06 13:19:49
06.09.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бирок чынындале тика экен аялы
06.09.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озгочо сулуулугун деле корбодум кадимкидейле сулуу деп жазса мен ойлоп алыпмын асмандагы айды
06.09.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сулуу аял экен, бирок Азербейджандын биринчи айымына эч бири жетпейт ко. Жашы 50го таяп калса деле моделдердей куурчак сымал.
06.09.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эшегине жараша тушагы.
06.09.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле сулуу сымбаттуу экен фигура сы деле сонунго кийимдери да озуно жарашыптыр
06.09.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин аялымын жанында наак болуп калатко
06.09.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Раиса айым андан сулуу экен, хотя жашы улуу болсо да.
06.09.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Президенттин аялы болсом мындан да сулуу болмокмун.
06.09.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Менин аялымын тырнагына деле жетпейт экен. Сулуу десе ото башкача ойлопмун.
06.09.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялдардын баары сулуу!!! Болгону ошол сулуулукту көрө билиш керек да.
07.09.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи жылмайып журсо сулуу корунот,и каарыбайтда, азыр ойлонгон кабагы салынган аялдар башында толо проблема мн
09.09.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал аябай эле кыйнаптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: