super.kg logo

Депутат: "Ооган согушуна жиберилген 2 кеңешчиге жөлөк пул төлөп берүү үчүн жылына 144 миң сом керектелет"

 

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңеште Ооган согушундагы кеңешчилерге жөлөк пул төлөп берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Кожобек Рыспаев Ооган согушунун убагында (1979-1989-жылдары) Кыргыз ССРинен 4 кеңешчи жиберилгенин билдирди. Анын айтымында, учурда алардын экөөсү гана калган. “Аларга жөлөк пул төлөө үчүн республикалык бюджеттен жылына 144 миң сом керектелет. 2009-жылга чейин кеңешчилер 13 жыл жөлөк пул алып жүрүшкөн. Андан кийин “Согуштун ардагерлери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, "кеңешчилер" деген сөз алып салынган. Ошондон тарта аларга жөлөк пул берилбей келет. Кайрадан аларга жөлөк пул берилишин сунуштайм”, - деди депутат.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин согушка барган медицина кызматкерлери жана мугалимдер өзгөчө макам берүүнү талап кылышат.

Кожобек Рыспаев аталган кесиптин ээлери ал жакка өздөрүнүн эрки менен иштегенге барышарын белгиледи. Ал эми кеңешчилер мамлекет тарабынан жиберилгенин кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоор экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: