super.kg logo
  Спорт  

Элмурза Сатыбалдиев кайрадан волейбол федерациясынын президенти болуп шайланды

 

Элмурза Сатыбалдиев кайрадан 4 жылдык мөөнөткө Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясынын отчёттук-шайлоо жыйыны өткөрүлгөн. Анда президенттик орунга 1 кандидатура чыгарылган. Жыйынга катышкан 100дөн ашуун өкүл бир добуш менен Элмурза Сатыбалдиевди федерациянын президенттигине шайлашты.

Маалымдай кетсек, Элмурза Сатыбалдиев 2009-жылы алгачкы жолу волейбол федерациясынын президенти болуп шайланып, 2013-жылы кайрадан президент болуп шайланган. Кийинки отчёттук-шайлоо жыйыны 2021-жылы өткөрүлөт.

Полковник Сатыбалдиев Элмурза Ракиевич Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Салам-Алик айылында 1966-жылы 13-мартта туулган. 2001-2006-жылдар аралыгында Кемин районунун, Жайыл районунун, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп, УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Элмурза Сатыбалдиев 2007-жылдын 29-мартынан тартып 2009-жылдын 23-ноябрына чейин баш прокурор болуп иштеген. 2009-жылдын 23-ноябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми 2014-жылдын 25-июлдагы Апрель окуясы боюнча соттук отурумда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечими менен Элмурза Сатыбалдиев 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Бишкек шаардык соту 2 жылдан кийин ишти кайрадан карап чыгып, 2016-жылы актаган.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.09.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларга айла жок экен да, чоң болуп, кайра соттолуп, чыгып кайра чоң болуп жүрө беришет экен да.
06.09.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур Сатылганованын куйоосу элеби ушул
06.09.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ бул байкебиз биздин уйго келген да бир жылдары конок болуп))
06.09.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anelya_kaparova, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: