super.kg logo
  Саясат  

Депутат жеке менчик медициналык жайлар министрликтин көзөмөлүндө болуусу керектигин айтты

 

КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева жеке менчик медициналык жайлар Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө болушу керектигин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 6-сентябрда парламентте билдирди.

“Жаңыдан медициналык окуу жайды бүтүргөндөр, базарларда кабинет ачып алып массалык түрдө жарандарды дарылап жатышат. Бул маселени көтөргөнүмө бир жылдын жүзү болду. Ошондон бери кандай чара көрүлдү?” - деп саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кайрылды депутат.

Батыралиев бул боюнча министрлик өткөн жылы активдүү иш жүргүзгөнүн белгиледи. “Чынын айтканда коомдун жардамы болбосо иш алып баруу кыйын экен. Бир дагы жаран же анын жакындары бул боюнча арыз менен кайрылган эмес”, - деди.

Сурабалдиева: “Жеке ишкерлерди колдогон мыйзам тоскоолдук жараткан жокпу?” деп сурады эле Батыралиев: “Бул тууралуу Экономика министрлигине аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштадык. Медицина тармагына байланышкан жайларды текшерүү боюнча өзгөртүү киргизүү керек. Мисалы, эки жума мурун базарларга жеке менчик медициналык жайларды текшерүүгө барганда кээ бирлери бизди “уруксатыңар жок” деп киргизбей коюшту”, - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: