super.kg logo

БУУнун генералдык катчысы Мьянма бийлигин зомбулукту токтотууга чакырды

 

Бириккен улуттар уюмунун генералдык катчысы Антониу Гутерриш уюмдун Коопсуздук кеңешин Мьянмадагы зомбулукту токтотуу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоону сунуштады. Генералдык катчы Мьянма бийлигин Ракхайн штатында жашаган этникалык азчылыкка, толук кандуу жашоо үчүн жарандык же болбосо кандайдыр бир укуктук документ берүүгө чакырды.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Мьянманын укук коргоо органдары жана рохинджа мусулмандарынын кагылышуусунан улам 400дөн ашуун адам каза болгон.

Рохинджа өкүлдөрү Мьянма мамлекетинин жарандыгын ала алышпайт. Демек, жарандыгы жок болгондугуна байланыштуу көптөгөн чектөөлөр бар. Бул алардын толук кандуу жашоо кечиришине жана жарандык укуктарынан колдонушуна чоң тоскоолдук жаратат.

Мамлекетте байма-бай мусулмандык азчылык менен буддистик көпчүлүктүн ортосунда кагылышуулар жүрүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.09.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда оздорунчо мамлекет болушсун, христиан менен мусулман олколор колдосо, ОАЭ АКШ РФ дегендер колдоп берсе коз карандысыздыгын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: