super.kg logo
  Саясат  

ЖОЖдордогу жайкы сессиянын жүрүшү комиссия тарабынан көзөмөлгө алынат

 

2012-2013-окуу жылындагы Кыргызстандын жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын студенттеринин жайкы сессиясын жана бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнүн жүрүшүн текшерүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты. Ага ылайык, атайын түзүлгөн комиссия ЖОЖдор менен орто кесиптик окуу жайлардын окутуунун бардык формалары боюнча студенттердин окуу жылындагы жайкы сессияны даярдоодо жана өткөрүүдө окуу жайлардын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын сактоо деңгээлин, окуу процессинин графигинин окуу пландарына ылайык келүүсүн, сынактар менен мамлекеттик сынактарды алуунун жүгүртмөсүнүн окуу процессинин графигине ылайык келүүсүн көзөмөлдөйт.  

 

Ошондой эле комиссия сессияга киргизилген, канааттандырарлык эмес баа алышкан жана сынакка келбеген студенттердин саны, сессияны мөөнөтүнөн мурун же сессиянын мөөнөттөрүн узартуу менен тапшырган студенттердин саны тууралуу маалыматтарды чогултуп, талдоо жүргүзөт. Андан сырткары окуу жайларда коррупцияны жоюуга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгүн текшерүүгө алат. Сессиянын жүрүшү массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып турмакчы. Ошондой эле министрликте саат 14:00дөн 17:00гө чейин ишеним телефону иштеп, 62-06-19 номуру аркылуу коомчулуктун телефон чалууларын кабыл алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: