super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акун БШКнын үстүнөн сотко арызданды

 

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 6-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко арызданды. Себеп - Акун жарандардан топтогон 36 000 кол тамганын 30 930ун БШКнын жараксыз деп табышы. БШК мындай чечимди 2017-жылдын 4-сентябрында чыгарган. Турсунбек Акун соттон бул чечимди жокко чыгарууну өтүнөт.

Акун жарандардан кол чогултууда БШКнын айрым мүчөлөрүнүн кеӊешинен улам убакыттан уттуруп койгонун, комиссия мүчөлөрү тарабынан бурмаланган маалымат берилбегенде кол топтоо баракчаларын БШКга белгиленген мөөнөттөн 10 күн мурда тапшырмак экенин айтууда экс-акыйкатчы.

Арыз Бишкектин райондор аралык сотуна берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: