super.kg logo

Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилди

 

7 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөп жаткан Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 6-сентябрда SUPER.KG'ге Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, жазаны жатак-абакта өткөрүп жаткандар айтылган убакытта колонияга келип белгилөөдөн өтүп турушу керек. Мотуев 31-августка колонияга чакыртылган. Бирок ал келбей койгон.

"72 сааттын ичинде келбей койсо, "кылмыш жоопкерчилигинен качты" деген негизде материалдарды тергөөгө берсек болот. Тергөөнүн жыйынтыгы сотко өткөрүлүп, сот мынча убакытка жаза өтөсүн же жазаны башка мекемеде өтөсүн деген чечимин чыгарат. Мотуевди 31-августка келүүсүн талап кылганбыз. Бирок келбегендиги үчүн тийиштүү материалдарды чогултуп тергөөгө бердик. Мотуев биз менен байланышка да чыга элек", - деди Сабатарова.

УКМК Мотуевге "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 2016-жылдын 13-майында кармаган. Бишкектин Свердлов райондук соту ошол эле жылдын август айында аны жети жылга эркинен ажыратып, сентябрдын аягында жатак-абагына которулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
06.09.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
31-автуст иш куну эмес
06.09.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу киш жаман клоун да))
06.09.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мьянмага кетип калган окшойт
06.09.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми бул кишини тушунуп чакырбай эле койсо болмокда же 31 не келип акча берип кет десе келбей койгондур. Мотуев эч кандай коомго коркунучтуу деле эмес, байкуш башынан травма алган дешет ошого ойду келди суйлоп коётда
07.09.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jbolotov туура айтасың башынан травма алган Америка да окууп жүргөндө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: