super.kg logo

Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду 248 миллион доллар суммасында 767 долбоорду жактырды

 

2017-жылдын 6-сентябрына карата Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду 767 долбоорду жактырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Жалпы суммасы 248 миллион долларды түзөт. Долбоорлордун 26 пайызы агрардык өндүрүш, 13 пайызы транспорт жана логистика, 12 пайызы туризм инфраструктурасы, 11 пайызы курулуш, 9 пайызы соода, 8 пайызы кайра иштетүү, 6 пайызы энергетика, 5 пайызы текстиль тармагына туура келет. Мындан башка да тармактар бар.

Долбоорлордун аймактар боюнча саны:

Бишкек шаары - 239 долбоор

Жалал-Абад облусу - 123 долбоор

Чүй облусу - 115 долбоор

Ысык-Көл облусу - 78 долбоор

Ош облусу - 76 долбоор

Ош шаары - 46 долбоор

Баткен облусу - 40 долбоор

Нарын облусу - 27 долбоор

Талас облусу - 23 долбоор.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду Кыргыз өлкөсү Бажы союзуна кирүү алдында түзүлүп, анын башкы максаты - мамлекеттин экономикасынын приоритеттүү тармактарын, анын ичинде агроөнөржай, кийим тигүү, текстиль, кайра иштетүү өнөр жайындагы долбоорлорду каржылоо экени жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: