super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-СЕНТЯБРЬ: 10 жыл мурун "операнын тарыхында легендарлуу тенор" деген атка конгон Лучано Паваротти көз жумган

 

Мындан 10 жыл мурун, 2007-жылы 6-сентябрда "операнын тарыхында легендарлуу тенор" деген атка конгон Италиянын Модена шаарында Лучано Паваротти көз жумган. Ал 2006-жылдан бери карын алдындагы бездин рак дартынан жапа чегип келген.

Италиянын опера ырчысы, тенор Лучано Паваротти 71 жашта эле. Ал өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү тууралуу керээзин калтырып, дээрлик ар бир мүнөткө чейин белгилеп өткөн. Гүлчамбарлар ак гүлдөн башка түркүн түстөгү гүлдөрдөн болушун айткан. Кайгылуу ырларга караганда классикалык музыкасы коюлушун да айткан. Мындан улам маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында аза күтүү музыкасы эмес, Лучано Павароттиге таандык ыр жаңырып турган.

Аны менен коштошуу үчүн белгилүү саясатчылар, маданият кызматкерлери жана 100 миңдеген күйөрмандары келген. Лучано Павароттинин сөөгү ата-энесинин жанына коюлган.

Лучано Паваротти өз муунундагы тенор ырчылардын эң мыктысы деп эсептелген. Ал 1935-жылы 12-октябрда Италиянын Модена шаарында туулган.
Лучано Павароттинин чыгармачылык карьерасы 1961-жылы эл аралык вокалисттердин сынагындагы жеңиши менен башталган. Ал эми 1972-жылы Нью-Йорктогу Метрополитен операсында ырдаганынан кийин жылдызы жана баштаган.
6-сентябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: