Видеого түшүп калуудан коркуп, иш ордун таштай качкан Патрулдук милициянын видеосу интернетке тарады. Бул боюнча кызматтык териштирүү башталды
Интернетте түн ортосунда жарандык активисттер бараткан унааны токтотуп, алар тасмага тарта баштаганда жумуш ордун таштап, үйлөрдү аралап качып жөнөгөн Патрулдук милициянын видеосу тарады.
Патрулдук милициядан SUPER.KG`ге билдиргендей, учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнү жатат.
"Ал Патрулдук милициянын кызматкерлери 5-сентябрдан алтысына караган түнү нөөмөттө турушкан. Ошондуктан бүгүн жумуш убактысында алар эс алууда болгондуктан биз чакырган жокпуз. Бирок ал кызматкерлер чакырылат. Кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлөт. Комиссия түзүлүп иштин объективдүү-субъективдүү себептерин, кызматкерлердин этикалык жүрүм-турумдарын, буйруктун аткарылышын карайт. Эгер кызматкерлердин ишинде кемчилик, мыйзам бузуулар табылса, албетте, жаза көрүлөт", - деп билдирди Патрулдук милициядан.
Видеого түшүп калуудан коркуп качкан милиция

































1 |