super.kg logo

Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы Мьянмадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты

 

Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Аалымдар кеңеши Мьянмадагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды бир пикирге келип, абалды тынчтык, сабырдуулук, адилеттүүлүк жолу менен чечүүгө чакырды.

Дин башкармалыгы тараткан билдирүүдө "Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал, адам укуктарынын бузулушу өтө чоң зулумдук. Мьянмадагы кырдаалды тез арада дүйнөлүк деңгээлдеги адам укугун коргогон ири уюмдар чечүүлөрү зарыл. Кырдаал курчуй берсе диндер, улуттар аралык, мамлекеттер ортосундагы жаңжалдашууну, пикир келишпестикти пайда кылуусу мүмкүн" деп айтылат.

Ыйык Курандын Маида сүрөөсүнүн 32-аятында "ким акысыз адам өлтүрүп же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете" деп айтылат.

Куранда айтылган бул сөздөргө негиз кылып, Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы, Аалымдар кеңеши кыргыз элин өз пикирин тынчтык жолу менен билдирүүгө, мусулмандардын жана бүт ааламдын тынчтыгын тилеп дуба кылууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
07.09.2017. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Билдиргени жакшы бирок мындай иштерде Муфтият биринчи билдириш керек эле, акырында билдирбей
07.09.2017. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ойлонгуча поезд кетет
07.09.2017. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийликтин оозун карап кечигип атышса керек да, дуйно жузундо тынчтыкты каалар элем.
07.09.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Azyryncha dua kylyp turaly, kalgany Allah kaalagandai bolsun!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: