super.kg logo

Бүгүн парламентте премьер-министр жана өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет

 

Бүгүн, 7-сентябрда парламентте премьер-министр жана өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет. Айта кетсек, 25-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынында каттоодон өткөн 102 депутаттын 97си өкмөттүн курамына жана программасына "макул" деп, 5 депутат "каршы" деп добуш берген. 18 депутат добуш берүүгө катышкан эмес. Эртеси 26-августта президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн курамын бекитүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Премьер-министр – Сапар Исаков, 40 жашта
Биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов, 41 жашта
Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Дүйшөнбек Зилалиев, 44 жашта
Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Темир Жумакадыров, 38 жашта
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова, 48 жашта
Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева, 50 жашта
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова, 50 жашта
Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Нурханбек Момуналиев, 46 жашта
Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев, 51 жашта
Маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков, 66 жашта
Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов, 60 жашта
Ички иштер министри – Улан Исраилов, 43 жашта
Юстиция министри – Уран Ахметов, 38 жашта
Каржы министри – Адылбек Касымалиев, 56 жашта
Экономика министри – Артем Новиков, 30 жашта
Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов, 52 жашта
Саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев, 57 жашта
Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев, 42 жашта
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Абдил Сегизбаев, 44 жашта
Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов, 44 жашта

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов, 36 жашта
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Мирбек Касымкулов, 49 жашта
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Мирбек Касымкулов, 49 жашта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: