super.kg logo

Самара Каримова: "Наам кызматтык орун эмес, андан баш тартпайм"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG'нин түз эфиринде жакында эле "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылган ырчы Самара Каримованын маеги башталат. Ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, келечек пландары жөнүндө кызыктырган суроолоруңузду узатып, түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

10:00 Самара Каримованын SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучулар даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

10:10 Самара Каримова жакында эле баш тарткан "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчилиги кызматы тууралуу айтып берүүдө. "Мен иштесем иштеп кетмекмин, менден жакшы жетекчи чыкмак. Бирок жетекчи болом деген да өзүм, баш тарткан да өзүм. Андыктан капачылык жок", - деди ал.

10:12 Суроо: "Эмгек сиңирген артист" сыйлыгын бийликтеги таасирдүү тааныштар менен алды дешет?

"Таанышым жок, талантымдын артынан жана элдин колдоосу менен сыйлыкка татыдым. Сахнага чыккандан бери борбордо 6 жолу ийгиликтүү концерт бердим. Жаш кезде колдоого алышса чоң дем-күч берет. Наамга Маданият министрлиги, облустук өкүлчүлүк көрсөтөт. Мени Кыргыз театрлар ишмерлер союзу көрсөттү. Бир жыл мурун Жаныш Кулмамбетов агайыбыз наамдарымды, документтеримди чогултуп наамга көрсөттү эле бир жылдан кийин наам алдым. Негизи наамды атам алышы керек эле. 63 жашында "Маданияттын мыктысы" деген төш белги алган. Жаштар атамды жакшы тааныбайт. Бирок өз учурунда таанымал артист болгон", - дейт ырчы.

10:16 Суроо: Эмнеге ырчылар сыйлык алганын башка жакта жүрүп уктук дей беришет, калп айтпай эле коюшпайбы?

"Чынында мен конокто отурганда уктум. Чалып айтышканда ишенбей, калтырап толкундандым. Конокто отурганда уксам ошентип айтам да, "үйдө отуруп алып уктум" демек белем? Бул сыйлыкты мага ыраа көрбөгөндөр болууда. Мени колдогондор бар. Инстаграмда 300 миңден ашуун окурмандарым, туугандарым жакшы пикирлерди айтышты. Сыйлык мен үчүн кыргыз элинен аванс деп билем. Эми буга татыктуу болууга аракет кылам", - деди Самара Каримова.

10:22 Самара Каримова менен Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Бололу бирге" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

10:30 Күйөрманынын суроосу боюнча жандуу үн жана аккордеондун коштоосу менен "Бир келип кетчи Ош жакка" ырын аткарууда.

10:36 "Менин ийгилигим - балдарым. Жаш ырчы үчүн чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын экен. Бир жолу чет жакка 4 күнгө кеткем. Ошондо сыналгыдан мени көрсөтүп жатса улуу балам "ай, Самара Каримова, үйгө келбейсиңби" деп кыйкырган экен. Алар үчүн баарына даярмын", - дейт ырчы.

10:43 Суроо: Жолдошуңуздун биринчи жубайынан балдары барбы, алар менен катташып турабы?

"Ооба, башка никесинен 5 баласы бар. Алар менен катташып турат. Катташуусуна эч качан каршылык көрсөтпөйм, ата-эне үчүн бардык бала бирдей. Жолдошумдун биринчи жубайы менен мамилем жок, тааныбайм дагы. Кайненемдин айтуусу боюнча анын өзүнүн үй-бүлөсү бар", - дейт Каримова.

10:48 Суроо: Узун чачка кам көрүү оңой болбосо керек...

"Оңой эмес, албетте. Көптөр кошуп алган деп ойлошот экен. Өзүмдүн чачым, түсү да өзүмдүкү. Боёгон эмесмин. Жолдошум узун чачтууларды жактыргандыктан, кыркканга уруксат бербей жүрүп өстүрүп калгам", - деди ырчы.

10:52 Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.

10:54: Суроо: Наам туура эмес берилди деп айтышууда, сыйлыкты алуу үчүн көп жыл эмгек кылуу керек экен?

"Сөзсүз түрдө жылга же жашка маани бербестен, иштеген ишине карап баалашса - бул жаштарга чоң стимул болот. Буйрук экен, жаш кезде алдым. Колумдан келсе бардык кесиптештериме ыйгарат элем".

10:57 Суроо: Тойго чакырсам 700 доллардан түшпөй койдуңуз. Ставкаңыз мынча кымбат?

"Жолдун алыстыгына жараша ставка коюлат. Мен кетирген эмгегиме ушул бааны ыраа көрөм", - дейт ырчы.

10:59 Окурмандын "Наамдан баш тартсаң жаңы Жаңыл Мырза аталмаксың" деген билдирүүсүнө мындай деп жооп берди.

"Наамдан баш тарткандай - бул кызматтык кресло эмес. Болгону стимул берүүчү кичинекей кагаз. Наамдан баш тартпайм", - деди ал.

11:02 Жолдошу тууралуу: "Аябай кыйынчылыкты көрүп, семичке сатып жүрүп бутуна турган. Азыр Кудайга шүгүр, бардык бир туугандарга, балдарына каралашып турат. Чыгармачылыгымды колдойт. Кызганбаган эркек жок, кызганат. Мен деле кызганам. Бирок чектен ашпайбыз", - деди ал.

11:05 Суроо: Өзүңүздүн обондоруңуз барбы?

"Бар, бирок элге алып чыгуудан тартынам. Соңку убактарда ушул темада көп сөз болуп жатат. Андыктан устаттарыма көрсөтүп, эгер жараса ырдап чыгам", - дейт Самара Каримова.

11:10 Суроо: Эмнеге жолдошуңуз дайыма жаныңызда жүрөт, сизге ишенбейби?

"Жолдошумдун жумуштары абдан көп, андыктан дайыма менин жанымда жүрөт дегенге кошулбайм. Көбүнчө кайнилерим коштоп жүрүшөт. Мага ишенет, мен ишенимдүү аялмын", - деди ырчы.

11:12 "Атам менен кайнатам абдан жакшы дос болуп жүрүшкөн. Андыктан Асанга (ред. жолдошу) турмушка чыгарымды айтканда каршылык көрсөткөн эмес. Ата-энем күйөө баласын абдан жакшы көрүшөт", - дейт Каримова.

11:15 Күйөрманынын суранычы боюнча жандуу үн менен "Баары сендей" ырын аткарган соң "Жаз" аталышындагы ырын аткарууда.

11:20 Суроо: Ийгиликке акчанын күчү менен жеттиңби же күйөөңдүн жардамы мененби?

"Элимдин жана жолдошумдун колдоосу менен ийгилик жаралууда. Ошондой эле өзүмдүн эмгектеримди да айтып кетпесем болбос", - дейт ырчы.

11:28 Окурмандын "Апаңа караганда атаңа жакын окшойсуң" деген суроосуна, "кыз бала атага жакын болот окшойт. Кичинемден атама жакынмын, азыр өзүмдүн кызым да атасына, балдарым мага жакын" деп жооп берди.

11:32 Самара Каримованын аткаруусундагы "Түшүмө кирдиң түндө сен" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

11:36 Ырчы жогоруда аталган клипке Өзбекстандын Эл артисти Мырза Азизов тартылганын айтып өттү.

11:42 Күйөрманынын суранычы боюнча "Асыл кечим" чыгармасын жандуу үн менен аткарууда.

11:48 "Ырчы болбосом диктор болмокмун. Бул боюнча телеканалдардан бир топ сунуштар түшкөн, бирок убактымдын тардыгына байланыштуу баш тарткам", - дейт ырчы.

11:50 Окурмандын "Кайненеңиз тууралуу айтып бериңиз. Жолдошуңуз "апам саунаны жетектейт" деген эле" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди.

"Кайненем - Ажыга барып келген аябай ыймандуу инсан. Жолдошумдун антип айтканы тууралуу маалыматым жок экен", - деди ал.

11:54 Суроо: Пластикалык операция жасатып көрдүңүз беле?

"Кудай сактасын, бычак алдына жатпай эле коёюн. Өзүмдүн табияттан берилген келбетим менен эле жүрөм", - дейт ырчы.

11:56 Ырчы өзүн калың элге тааныткан "Сагынганда атамды" чыгармасын жандуу үн менен ырдоодо.

12:02 Окурмандын "Самаранын наамына каршы кол чогултабыз дегендер болууда" деген суроосуна "аны убакыт көрсөтөт, эгер мени колдогондор аларга каршы кол чогултушса, анда...", - деп кыскача жооп узатты.

12:05 Самара Каримованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





Самара Каримова: "Наамдан баш тарткандай-бул кызматтык кресло эмес"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(107)
07.09.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салам Самара музыкалык билимин барбы?
Канча жылдан бери сахнадасын?
07.09.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирок элдин оозун ачырдын эмгек синирген наам алып
07.09.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Самара, сага ийгилик. У таланта не возраста дегендей бизде наамдын да возрасты жок экен да. Тукебиз (Т. Казаков) ХХХХ экен ээ? P.S ичим куйгон жок. Просто это несправедливо! Не кидайте меня камнями, народ. Орус тилинде жазганым учун кечирим сурайм.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-07 10:09:49
07.09.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Biinura, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
Портал кыргыз тилдүү болгондуктан кыргызча жазууну сунуштайбыз.
07.09.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_superstan, кечирим сурадым го.
07.09.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсынбы Самара 15-20 жылдан кийинки жашоонду элестетесинби? ошондо жолдошун канчага чыгып калат а сен болсо жап жаш эле болосун ошондо жан дуйнондун жашоосун элестетесинби?
07.09.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салам Самара! Оштогу жетекчилик боюнча сени жогор жактан жетекчилике шайлабаган экен. Бирок сен -оз каалоом менен кеттим-дедин... Негизи эле ошол боюнча маалымат бере отсон...
07.09.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Самара, Эмгек сиңирген артист наамын алууда жолдошуңдун кайсы бир учурда пайдасы тийди деп ойлойсуңбу?
07.09.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсызбы Самара эже . Бололу бирге деген ырды нурлан байке экоонор дует ырдагансынар. бул ырды озбек ырчыларынан руксат алып ырдадынарбы? негизи алар биринчи ырдап чыгышкан болчу го
07.09.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Салам Алейкум Москва шаарына гастроль койом дегем ниеттер барбы?
07.09.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кутман кун! Чыгармачылыкка ийгиликтер! Уй булонуз менен тынч болгула! Сизге жолдошунуз колдоп жардам берем деп. Силердей инсанга бир кун кызмат. Бир кун сыйлыкка корсото берип. Самара деген баркынызды кетире бербейби ?
07.09.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Салаатсыздарбы?Келечектеги кайсыл талапкерди колдойун деген ойунуз бар
07.09.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы Самара эжеке! Сиз Асан байке мн кантип таанышып уй було очогун тутантып калдыныздар? Жана канча жашынызда куйоого тийдиниз эле? Рахмат чоон
07.09.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
саламатсызбы Самара эже жана супер кг кайсы окуу жайларды бутконсуз?сахнада болгон кызыктуу окуялардан айтып берсениз.суроолор оз дарегине жетет деген ойдомун.алдын ала чоон рахмат.
07.09.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Самара эже калмурзаев мунарбектен салам озгон Жака качан концерт бересиз
07.09.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аракетчил, мээнеткеч экени чындык. Баарына жетишип жатат, тойлорго ырдаганга, ырчылар менен катышууга, күйөөсүнүн, чоңдордун көңүлүн алууга...Аракетте берекет деген ушул да
07.09.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам Самара эже жолдошунуз канча жашта эгер сыр болбосо алдын ала рахмат
07.09.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок түшүнбөйм, эмне эле жанталаша беришет, сыйлык, сыйлык деп?.. Илгерки СССРден калган адат. Бейонсе же Шакира, ошол эле Адель... мамлекеттердин Эмгек сиңирген артист, же Эл артист дегенди алып жатышабы? Ага карабай эле миллиондогон угармандары бар, миллиондоп альбомдорун сатып жатышат.
07.09.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алоо
07.09.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kutman-kg94, албай жатабы трубканы братан)))))
07.09.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самара! Сүрөттөгү сүйкүмдү жан ким эле?
07.09.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламтысызбы! Жолдошунуздун дагы башка аял алып алуудан коркпойсузбу?
07.09.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырларынызды ким жазып берет?
07.09.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара качан Пермь шаарына концертини коюп кетесин, афишаларды таратып,билеттерди сатып келбей койгонсун былтыр
07.09.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
5-6 концерт койдум Бишкекте дейт. Эл артисти наамын алууга 5-6 концерт болоберет экенда.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: