super.kg logo

Депутат Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандар көчүрүлүп барган жерде таза суу жок экенин айтты

 

Депутат Тазабек Икрамов Сузак районунда жер көчкүдөн жабыркагандар көчүрүлүп барган жерде таза суу жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Сузак районунда жер көчкүдөн жабыркагандарга жер бөлүнүп берилип, бала бакча курулуп жатат. Бирок эң негизги маселе чечилбей калыптыр. Бул таза суу маселеси. Кечээ айылдын эли менен жолукканда ушул маселени көтөрүштү. Элди таза суусу жок жерге көчүрүп баруу туура эмес. Жогоруда айтылган маселелерди тез арада өкмөткө жеткирип, чечүү керек", - деди ал.

Мындан тышкары Икрамов Талас облусуна караштуу Миң-Булак айылынын тургундарынан кайрылуу түшкөнүн айтты. "Окуучулар 8-9 чакырым алыстыкта жайгашкан Чалдовар мектебине жөө каттап жатышыптыр. Балдар караңгыга калып калган учурлар да кездешүүдө. Чалдовар мектеби 1929-жылы салыныптыр, жаңы мектепке муктаж экен. Ал эми айылдын окуучуларына шарт түзүп берүү зарыл. Транспорт маселесин чечип берүү керек", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: