Депутаттар өлкөнүн айрым айылдарында дагы эле телеканалдар тартпай жатканын айтышты
Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Ар түрдүү маселелер каралып жаткан учурда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов өлкө аймактарын санариптик берүүлөрдүн толкундары толук камтыбай жатканын айтты.
"Кыргыз өлкөсү санариптик берүүгө өттүк. Бирок өлкөдөгү кээ бир айылдарда санарип жетпей адамдар сыналгы көрө албай жатышат. Маселен, Ноокат районунда Кожо-Арык деген айыл бар, Көк-Жар айыл өкмөтүндө дагы бир айыл бар. Баткендин аймактарында да ушундай айылдар болушу мүмкүн. Алар такыр сыналгы көрө албай жатышат. Ошондуктан ушул тармакка көңүл бөлүп, ошолорго жардам көрсөтсөңүздөр", - деди Жамалдинов .
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

