super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-СЕНТЯБРЬ: 81 жыл мурун дүйнөдөгү эң акыркы чөнтөктүү карышкыр өлгөн

 

Мындан 81 жыл мурун, 1936-жылы Тасмания аралында жайгашкан Хобарт зоопаркында дүйнөдөгү жалгыз чөнтөктүү карышкыр өлгөн. Карышкырдын бул түрү кармалгандыгы тууралуу байма-бай маалыматтар тараганы менен, чындыгында азыркы күнгө чейин бир дагы чөнтөктүү карышкыр табыла элек.

Чөнтөктүү карышкыр же тилацин - уникалдуу жаныбар. Мындан 300 жыл мурун тилациндер Австралияда да байырлашкан. Кийинчерээк бул жаныбар ал жакка адамдар менен кошо көчүп барган динголор тарабынан куулган. Анткени динголор үйүр менен жүрүшсө, тилациндер жалгыздан жүрүшкөн.

Чөнтөктүү карышкырдын дене түзүлүшүнө жакшылап көз салсак, баш жагы карышкырдын дене түзүлүшүнө окшош, бирок арт жагы кадимки чөнтөктүү жаныбарлардыкындай. Чөнтөктүү карышкырдын башынын узундугу 22 сантиметр, 46 тиши бар.

Тилацин тишинин саны боюнча кургакта жүргөн жандыктардын биринчи сабында турат. Чөнтөктүү карышкырдын терисинде арстандыкындай сызыктар болгондуктан аны "тасманиялык арстан" деп да аташкан. Бул жаныбардын жаак сөөктөрү өзгөчө түзүлгөн, ал оозун башка жаныбарларга салыштырмалуу 120 градуска чейин ача алат. Тилациндер бул өзгөчөлүгүнөн улам бир тиштеген олжосун такыр коё бербейт. Дагы бир өзгөчөлүгү ал башка төрт буттууларга караганда арткы эки буту менен кенгуру сымал оңой эле баса алат.

1830-жылы бул жаныбарды массалык түрдө жок кылуу башталган, анткени адамдар бул жаныбар короодогу койго кол салып жок кылууда деп ойлошкон. 1867-жылы эле бул жаныбардын саны кескин түрдө кыскарган. Аларды Тасманиянын чытырман токойлорунда гана кезиктире алышкан. Мындан көп өтпөй жаныбардын бул түрүнүн такыр эле жок болушуна XX кылымдын башында аралда күч алган ит тумоосу себеп болгон.

Азыркы учурда окумуштуулар бул жаныбардын популяциясын жандандыруу боюнча иш-аракеттерди көрүп келишүүдө. 2008-жылы Сиднейдеги австралиялык улуттук музей жаныбардын клонун иштеп чыгуу боюнча долбоор баштаган. Анда мындан 100 жыл мурун спиртке сакталган тилациндин күчүгүнүн ДНКларын алып аны чычкандын эмбрионуна салышкан. Долбоордун жыйынтыгы тууралуу окумуштуулар так маалымат таратышкан эмес.

7-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.09.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
клон кылабыыз дешип чупакабраларды чыгарып жатышат алла таала жараткандан не жетсин ооруу балекеттин баарын алып келип
07.09.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон чычкандын жаны туру менен камсыз кылат экен да.Кылбаганыбыз ушул калды эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: