super.kg logo

"Кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" келишими бардык инвесторлор үчүн маанилүү кадам" дейт Аскар Сыдыков

 

Эл аралык ишкерлер кеңештин жетекчиси Аскар Сыдыков министрлер кабинетинин макулдашууга келгендиги боюнча билдирүүсүнө комментарий берип жатып "Центерра" менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүп, макулдашууга жеткени республиканын инвестициялык климатына жакшы таасир берет" деди. Анын пикиринде, келишимдин бардык майда-чүйдөлөрү белгилүү болгондон кийин гана толук баа берүүгө болот. "Бирок Кыргыз өкмөтү менен инвестор акыры бир пикирге келиши жана экологиялык төлөмдөрдү көбөйтүү чечими, соттук талаштарды жөндөө - жакшы жаңылык. Оор кырдаалды чечүүгө карай жакшы кадам. Эң башкысы, Кыргыз өлкөсүнүн сотторунда жана эл аралык арбитраждарда миллиарддаган доо-арыздар боюнча соттук териштирүүлөр жүрбөйт. Бул өлкөбүздүн инвестициялык климатына олуттуу сокку болмок", - деп эсептейт Аскар Сыдыков.

"Кыргыз өлкөсү сөзсүз уткан абалда болору белгилүү, ал эми "Центерра" бул келишимден кандай пайда табат деген суроо туулат" деп белгилейт ал. "Менин оюмча, алтын өндүрүүчү компаниянын утушу – бул өкмөт экологиялык доолорун кайтарып алат да, компанияга өз чындыгын далилдөө жана арбитраждык териштирүүнү улантуу убарасынан кутулат. Эл алдындагы компанияга мындайдын кереги жок, себеби буга окшогон талаш-тартыштар баарынан мурун акциялардын баасына терс таасирин тийгизет", - дейт Аскар Сыдыков. Ошентсе да мындан ары жергиликтүү калк нааразы болуп, каршылык акцияларына чыгып инвестордун тынчын алганды токтотот деп эч ким кепилдик бере албайт деп эсептейт эксперт.

"Кылгандан айткан оңой. Ал тургай өкмөт да келечекте чыр-чатактар пайда болбойт деп толук кепилдик бере албайт. Бул эки тарап эл менен канчалык натыйжалуу иштешүүсүнөн, аймакты өнүктүрүү жана колдоого инвестор бөлүп берген акчанын ачык-айкын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн көз каранды", - деп кошумчалайт Аскар Сыдыков. Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчисинин ою боюнча, макулдашууга жетүү министрлер кабинетинин сиңирген эмгеги деп атоого болот. Өкмөт акыркы жыл ичинде канадалык өнөктөш менен оңойго турбаган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыр аягында министрлер кабинетинин жаңы курамы менен марага жетти. "Узак убакыт бою "Кумтөр" маселеси боюнча аткаминерлердин чогуу иш алып барганы өз жемишин берди. Бул мактоого татыктуу", - дейт эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.09.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура, маселени сотсуз чечкен бул окмоттун ишинин сапатын корсотот. инвесторлор деле ойлотта, сотсуз келишимге келсе анда булар менен иштесек болот деп
07.09.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай кадамдар менен инвестициялык климатты ондошубуз керек
07.09.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Belekus, кошулам!
07.09.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
idin, Центерра улгулуу инвестор деп бийлик менен бийликтин Арзыматтары кайталаган калпты кайталаганды токтоткулачы.... Центерра Кумторго келгенден бери Кыргызстандын алтын-кумушу инвестор деген атты жамынган Канадалык жегичтер менен бийликтеги коррупционерлердин чонтогун толтуруп жатат. Болбосо бул алтын-кумушко Кыргызстан 20 жыл аралыгында 30-40 ири завод-фабрика же жуздогон заманбап мектеп, ондогон оорукана кура алмак....

Кайсы логика менен Центкрраны инвестор дейсинер, тушунбойм
07.09.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Кыргыз өлкөсү сөзсүз уткан абалда болору белгилүү, ал эми "Центерра" бул келишимден кандай пайда табат деген суроо туулат" деп белгилейт ал. "Менин оюмча, алтын өндүрүүчү компаниянын утушу – бул өкмөт экологиялык доолорун кайтарып алат да, компанияга өз чындыгын далилдөө жана арбитраждык териштирүүнү улантуу убарасынан кутулат. Эл алдындагы компанияга мындайдын кереги жок, себеби буга окшогон талаш-тартыштар баарынан мурун акциялардын баасына терс таасирин тийгизет"
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: