Депутат: "Биздин айдоочулар Казакстандын аймагында кысымга учурап жатышат"
Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер каралууда. "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов Орусияга каттаган Кыргыз айдоочулары Казакстанда кысымга учурап жатканын айтып, тиешелүү тармактарды бул багытта иш жүргүзүүсүн суранды.
"Биздин Орусияга транспорт менен каттаган жарандар, Казакстандын аймагында аябай кысымга учурап жатканын айтып көп кайрылып жатышат. Биздин айдоочуларыбызды Казакстандын жол полициясы эч кандай себепсиз кармап, айыптарды салгандыгын баары айтып жатышат. Орусиянын аймагына өткөндө эч кандай маселе жок. Ал эми Казакстанда эле кысымга учурап жатат. Биздин тиешелүү бийлик органдары Казакстан менен сүйлөшүп, ушул маселени чечиши керек", - деди Ормонов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-17

Рейтинг:
0

Бир озбек ата озунчо жук ташыцт экен,ал аларга бата берип эле басып кетти документ да корсотуон жок.
Россиянын,Кыргызстандын гана номерлуу машианаларын токтотушат экен