super.kg logo
  Саясат  

Депутат өкмөттүн курамында үч эле аял бар экенин айтып, аялдар бийликте азайып кеткенине тынчсызданды

 

Депутат Аида Касымалиева өкмөт курамында болгону үч аял бар экенин жүйө кылып, аялдар бийликте азайып кеткенине тынчсызданып жатканын билдирди. Ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер талкууланып жатканда өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасына бирден бир алгылыктуу багыт катары гендердик саясат маселесин киргизүүнү сунуштады.

Мен айымдардын саясатка тартылуусу боюнча кайрылуу жасагым келет. Азыр эле жаңы өкмөттүн курамы ант берип өттү. Болгону үч аял отурат. Өлкөдө 450дөн ашуун айыл аймагы бар. Алардын арасынан 9 гана айыл башчы аялдардан болуп жатат. Өткөндө дагы өкмөттүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын карап отуруп ичинен айымдарды саясатка тартуу боюнча багытты көрө алган жокмун. Ошондуктан ушул программага гендердик саясатты киргизүү керек”, - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: