Депутат Польша Кыргызга бере турган 40 миллион евро насыянын тагдырына кызыгууда
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш 3 жыл мурун Кыргыз мамлекети менен Польшанын ортосундагы насыялык келишимди ратификациялаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
“Польша 40 миллион евро жеӊилдетилген насыя бермек. Тилекке каршы, ошол техникалык насыя ушул кезге чейин алына элек, келишимдин мөөнөтү өтүп барат. Анын тагдыры эмне болду? Парламенттин тармактык комитети келишимдин мөөнөтүн узартып берген. Ал эми Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги насыяны алып, дыйкандарга лизинг үчүн жеӊилдетилген насыя түрүндө бериле турганын билдирген. Бирок андан дайын жок. Каржы жана Экономика министрликтери бул маселенин башын ачып бериши керек”, - деди Бакиров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
gulmira96

07.09.2017. 12:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Насыяны алып жеп жутуп коюп отургула дагы карыз болуп.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.