Депутат балдардын билимин жогорулатуу үчүн чет өлкөлүк адистердин жардамы керек экенин айтты
Депутат Абдывахап Нурбаев балдардын билимин жогорулатуу үчүн чет өлкөдөн күчтүү адистерди алып келип, мугалимдерге семинарларды өткөрүүнү сунуштады. Ал жалпы республикалык тестирлөөдөгү 110 баллдык чектен көп окуучулар өтө албай жатканын жүйө кармап, балдарга билим берүүгө кошумча каражат кароо керектигин айтты.
"Бул каражат балдардын билимин жогорулатуу үчүн чет өлкөдөн күчтүү адистерди алып келип, мугалимдерге семинарларды өткөрүүгө жумшалмак. Керек болсо билим берүүдө чет өлкөлөрдөн окутуу методикасы мыкты делген адистерди алып келип, мугалимдер үчүн семинарларды уюштуруубуз зарыл”,- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

