super.kg logo

Испаниялык ырчы Хулио Иглесиастын уулумун деген жаран аны "Атам экендигин моюнуна алсын" деп сотко берди

 

Испаниялык ырчы Хулио Иглесиасты 41 жаштагы Хавьер Сантос аттуу жаран "Атам экендигин расмий түрдө моюнуна алсын" деген доо менен сотко берди. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Хавьер Сантос ДНК-тесттен өткөндө анын Иглесиас менен туугандык катышы бар экени далилденген. Анын айтымында, апасы португалиялык балерина 1970-жылдары ырчы менен сүйүү мамилесинде болгон.

Сантостун апасы 1990-жылдан тарта уулунун атасы Хулио Иглесиас экенин айтып, бирок далилдей албай келген.

Эми ДНК-тесттин жыйынтыгы чыккандан кийин 4-сентябрь күнү Сантос арыз менен Валенсия шаардык сотуна кайрылган. Бирок жыйынтык чыкпаган соң Испаниянын Жогорку Сотуна жана адам укуктарын коргоо боюнча европалык сотко кайрылууну туура көргөн. Ал эми ырчы бул боюнча билдирүү тарата элек.

Белгилей кетсек, 73 жаштагы Хулио Иглесиастын 8 баласы бар. Биринчи жубайы менен 3 балалуу болушкан, анын бири белгилүү ырчы Энрике Иглесиас. Ал менен ажырашкандан кийин Миранда Рийнсбургер аттуу айымга баш кошуп, 5 балалуу болушкан. Хулио Иглесиастын бир жылдык кирешеси болжол менен 850 миллион доллар экендиги айтылып жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.09.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ak4a onduroiun degen eken da
07.09.2017. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да барып сотко берсемби, баланмын деп.Мумкун мага берип калар.
08.09.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUBI,Бизде да барго андай кайсыл олкого барса ошол жактыкмын деп тууганбыз деп чыга калчу алам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: