super.kg logo

Интернетте кесиптештери мыкаачылык менен өлтүрүлгөн шоумен Бакыт Букаевди эскеришүүдө

 

Шоумен, тамада жана журналист Бакыт Букаев көзү тирүү болгондо кечээ, 6-сентябрда 48 жашка чыкмак. Ал 1969-жылы 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Кечээ жана бүгүн шоумендин кесиптештери, жоро-жолдоштору интернет тармагында эскеришип, ал тууралуу жылуу пикирлерин калтырышууда.

Эске салсак, тамада 2013-жылы 13-ноябрда киши колдуу болуп каза болгон. Анын денеси шаардын Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен саат 19:00 чамасында табылган. Актёр, алып баруучу Нурдөөлөт Копоевдин айтымында, ошол күнү саат 18:00дө тааныштары ага чалып, Букаевди таап берүүнү суранышкан. Букаев ал күнү бир кечеде тамадалык кылмак, бирок телефону өчүк болгондуктан Копоев тамада жашаган батирге келген. Ачкычы бар болгондуктан батирге кирип, жансыз денени көргөн. Анын моюну алды жагынан 2 жолу кесилип, көкүрөгүнө 2 жолу бычак сайылганы жана чылымдын чогу басылган 5 так калганы аныкталган. Экспертизанын жыйынтыгында Бакыт Букаев ички органдарынан кан көп кеткендигинен улам каза болгондугу айтылган.

Анын өлүмүнө себепкер деп Уланбек жана Элдияр аттуу кылмышкерлер колго түшүп, бирөө 17, экинчиси 18 жылга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: