super.kg logo

Ош шаардык соту байбичесин өлтүрүүгө шектелген абышканы акыл-эси жайында эмес деп тапты

 

Ош шаардык соту байбичесин өлтүрүүгө шектелген абышканы акыл-эси жайында эмес деп таап, Кызыл-Жардагы республикалык психиатриялык ооруканага дарыланууга жөнөттү. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тастыктады.

Ошондой эле Осмонкуловдун айтымында, Жазык-процесстик кодекстин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык (Сот жазык мыйзамы тарабынан тыюу салынган жосунду акыл-эси соо эмес абалда жасаган адамга карата жазык ишин кыскартат) кылмыш ишин токтотуу боюнча токтом кабыл алган.

Токтом акыркы эмес, тараптар апелляциялык тартипте даттанышса болот.

Айта кетсек, ушул жылдын 14-июль күнү саат 18:40 чамаларында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жапалак айылында улгайган аялдын канга боёлуп жерде жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, оперативдүү топ окуя болгон жерге барган. Оперативдүү топ кароо учурунда улгайган аял моюнуна бычак сайылып каза болгонун жана анын 1938-жылы туулганын аныкташкан.

Кемпирдин өлүмүнө шектүү катары 83 жаштагы Т.М. аттуу абышкасы кармалган. Шектүү көрсөтмөсүндө аялы малдарына өз убагында жем-суу бербей койгондо катуу айтканына каяша сүйлөгөндүктөн бычак менен моюнуна сайып жибергенин, ал көп кан жоготуп каза болгонун айткан. Экөөнүн турмуш курганына 61 жыл болгону маалымдалды. Ортосунда 2 уул, 4 кызы бар.
http://www.super.kg/kabar/news/195407/






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
07.09.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
80 жашта акыл ээси жайында адам аз эле болот...
07.09.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aljyp kalyppy
07.09.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
83 жаштагы арак ичип алган аксакалда кайдагы акыл эс болот.Эми 80 жаштан откон аксакалдарыбыздан качан кол салып жиберет деп сактанып жашайт окшойбуз.
07.09.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
isabek1977, кадырлай турган карыларыбызга созун ото оор тиерин билесинби. Сен да карыйсын, ошондо сага бироо ушинтип айтып турса кандай акыбалда болоор элен. Жаштардан деле мындай мыкаачылык чыгып атпайбы шайтан азгырып...
Олтуруп алган азабы деле калган омуруно жетишээрлик болду да эх байкушка.
07.09.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушинтип койдуда 80 жашты камайт беле, арактын азгырыгынан Аллах сактасын.
08.09.2017. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акыл эси жайында эле, балдарын суранычыда каралдыда, бул болгону арактын кесепети,
08.09.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай шайтандан алыс кылып ыйман берсин баарыбызга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: