super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Бойду кантип узартса болот?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бойду кантип узартса болот?" деген темада автор: "Досумдун бою такыр өспөй койду. Турникке тартынды, сабиз жеди, жыйынтык чыккан жок. Уругунан дейин десең ата-энесинин бойлору узун. Достор, кандай кеңеш бере аласыңар? Сыры болсо бөлүшкүлөчү", - деп кайрылган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Адамдын гени да анын ден соолугуна, дене түзүлүшүнө таасирин тийгизет. Ошондой болсо да изги тилек менен бой өстүрөм деген адам регулярдуу түрдө дене тарбиясын кылып, жүгүрүп, турникке тартынып, сабизден жана D витамини болгон азыктардан кабылдап турса, бою табигый түрүндө өсөт. Анан да секирип туруу керек. Белдин серпилгичтиги, ийилгичтиги узун бойдун жана ийкемдүүлүктүн бирден бир көрсөткүчү".

"Турникке күндө эки маал - эртең менен, кечинде тартылыш керек. Тайцзи менен машыгуу жардамга келет, омурткаларды чойгон, узарткан көнүгүүлөрү бар".

"Иним бар, аны атына затын жараштырып "Малой" деген лакап ат коюп койгонбуз. Өткөндө Бишкектен барып бою өскөнүн байкадым. Мурда 1,50 сантиметр эле, азыр 1,60 болуп калыптыр. Кантип өстүрдүң деген суроомо "зериккенде эле турникке барып 2-3 мүнөт асылып, белимди айлантам, анан да бир фирмадан кальций алып ичип жатам" дейт".

"Волейбол дагы жардам берет. Чабуулчунун позициясында жана блокто ойнош керек. Ал эми коргоочулар кыскараак келишет. Сеткадан чыканакка чейин чыга секирип, сетканын түбүнө топту чаап ойносо өсүп кетет".

"Адамдын бою гипофиз гормонуна көз каранды. Ал баш мээде жайгашып, түн ичинде көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Ал көп өлчөмдө болсо, адам дөөгө айланат, ал эми жетишпесе, эргежээл бойдон калат".

"Жаш балдар жана өспүрүмдөр түнкүсүн гана өсөт (саат 8ден 12ге чейин). Бойдун өсүүсүн тездетүүчү эң активдүү айлар март жана апрель. Уктаарда башты чыгышты же түндүктү каратып уктап, жаздыктын бийиктиги 5-7 сантиметр болуш керек. Темир керебетке жатканга болбойт, себеби темир адамдын бардык энергиясын тартып алат. Ошондой эле шпагатка отуруп үйрөнүү керек. Эгер көчөдө жүрсөңүз бутактуу, бийик дарактарга секирип жетүүгө аракет кылыңыз. Сууда сүзүңүз. Мында кол жана бут кыймылга келип, бойдун өсүүсүнө шарт түзөт. Бойду өстүрүүнү каалаган адам ачка жүрбөшү керек. Күнүнө 1 стакан сабиз ширесин ичип, 200 грамм эт, сметана, быштак, кара өрүк жана башка пайдалуу азыктарды жеп туруу керек. Күнүнө 15 жолу 20 секунддан бутка 10 килограмм баштыкты байлап, турникке асылып, күнүнө 200 жолудан секирип туруу керек. 36 пайыз өспүрүмдөрдүн бойлору эрте тамеки чегип баштоосунан улам өсүүсү жайлай баштайт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
07.09.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бойду узартыш учун туфлиге селитира салып кийип алыш керек же болбосо гөңдөн))))
07.09.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aerforce,Ха ха..
08.09.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aerforce, Көң же
07.09.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн узундар баскетболистер да,баскетбол коп ойнош керек го деген ойдомун
07.09.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата энеси экоо тен Узун болсо анда кошуналарын карап коруш керек.
07.09.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Узун бойлуу соседдерге кайрылыш керек.
07.09.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турник эле жакшыыы
07.09.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
волейбол ойногонго уйротсо дагы бой осот
08.09.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турник жакшы. Асылып көпкө туруу керек
08.09.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сага алтын кеңешим!!! Бойду өстүргөнчө акылыңды өстур, анан баары узарганын көрөсүн!!!
08.09.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын бою канча жашка чейин узарат, ким билет.
08.09.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulia90, бул шилтеме аркылуу кирсеңиз, форумчулар сиздин сурооңузга жооп беришкен. https://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=1743&st=0
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-08 10:13:01
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: