super.kg logo

Сотто Садыр Жапаров бир туугандарынын камалышынын себебин айтты

 

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаров бир туугандарынын камалышынын себебин айтты.

"Мени камакка алгандан кийин бир туугандарымдын, балдарымдын камалышы бул саясат. Элди көтөрүп митингдерди уюштурбасын деп аларды да камашты. Бул бийликтин көрсөтмөсү. Бул иштин баарын УКМК өзү уюштурган. Мен көтөргөн "Кумтөр" жеке менин кызыкчылыгым эмес. Ошол эле соттордун, саруулуктардын, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы. Мен билем, сиздерге, сотторго Ак Үй тараптан кысым болуп жатат. Мейли, мени камагыла, мейли соттогула, бирок адилеттүүлүк үчүн, жылдар өткөндөн кийин айта жүргөнгө акыйкат чечим чыгаргыла. Бүгүнкү күн менен жашоо бүтпөйт. Акыйкат орногон күн келет. Ошондо сотторго кысым көрсөткөндөр күнөөнүн баарын сиздерге оодара салышат. Ошондуктан жүрөгүңүздөр менен адилеттүү чечим чыгаргыла. Ал үчүн иш боюнча камакта жаткан күбөлөрдү суракка чакырсаңар соттор сиздердин чапаныңыздарды чечип албайт", - деп билдирди Жапаров.

Отурумдун жүрүшүндө Жапаров Эмил Каптагаевди 2013-жылы 7-октябрда өткөн митингде барымтага алуу боюнча сүйлөшүү болгонун билбестигин айтты. Ошол эле учурда митингди каржылоого 80 миң сом эмес 80 тыйынга зар болуп, инисинин бөйрөгүн алмаштырууга акча керек болуп жатканын Садыр Жапаров кошумчалады.

Бүгүнкү күнгө белгиленген күбөлөр суралып бүттү, соттук отурум эртең уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
07.09.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр байке бул кундор да отот. Адилеттуулукту аттагандар жазаасын алат ал кун алыс эместир. Бекем болунуз.
07.09.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Садыр Жапаров эл жер учун чыккан чыныгы саясатчы! Тарых баарын ордуна коёт!
08.09.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,ооба силерге, Мадылбеков менен мекемелерди сатып байыган
08.09.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ташиевтин башын айландырып дарбазадан секиртип озу бронежилет кийип алып парламентке кирген
08.09.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Belekus,туура!
08.09.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой популист, бакиевтин кишиси
08.09.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саруунун элин дурбулотуп бюджетке коп чыгаша алып келди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: